Нарын облусунда 15 млрд сомдук 127 долбоор ишке ашууда

Аймак Загрузка... 11 Август 2025 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда жалпысынан 15 млрд сомдук 127 долбоор ишке ашууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге облуста аткарылып жаткан бир катар курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштырганда билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 18.02.22.jpeg

Курулуш объекттери

“Нарын облусунда 127 объектте курулуш жана ремонт иштери жүрүп жатат. Анын ичинде Нарын шаарында 25 объект курулууда. Буга социалдык мекемелер, укук коргоо органдары, электр ишканалары жана башка объекттер кирет”, - деди Нурбек Сатаров.

“Кабар” агенттигине курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдиргендей, долбоорлордун 80ге жакыны аталган министрлик тарабынан жүзөгө ашырылат. Алардын басымдуу бөлүгү социалдык объекттер.

“Курулуш иштери үчүн каражат республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнүп жатат. Бул объекттердин ичинен онго жакынын 1-сентябрга чейин пайдаланууга беребиз. Мындан тышкары, жыл соңуна чейин дагы 20га чукул объектти берүүнү пландап жатабыз. 1-январдан бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштерине 900 млн сом бөлүнсө, капиталдык оңдоо иштерине 300 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул объекттерге мектеп, бала бакча, спорт комплекстер, маданий үйлөр, административдик имараттар кирет”, - деди ал.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 18.20.03.jpeg

Туризм

Нарын облусунда туризм тармагын өнүктүрүү үчүн потенциалды пайдаланууга артыкчылык берилүүдө. Алсак, эми “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркы президенттин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берилмей болду. Парк толук жаңылангандан кийин эс алуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, аймактын туризм тармагындагы мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ошондой эле быйыл 200 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлүп, толугу менен бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, автобекет, стадион, маданий жана ден соолукту чыңдоо борборлору, оюн-зоок аянтчаларынын курулуштары да камтылган.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 18.16.39.jpeg

Турак жай

Жарандарды турак жай менен камсыздоо максатында Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай комплекстерин курууда. Атап айтсак, Нарын облусунда 433 батир курулуп жатат. Бүгүнкү күндө “Менин үйүм” турак жай программасы аркылуу батирлер “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара” механизми аркылуу 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, жылдык 4-8 пайыз менен берилет.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 18.10.13.jpeg

Серепчи Тимур Саралаевдин пикиринде, заман талабына ылайык көп кабаттуу, ыңгайлуу турак жай комплексин куруу - жөн гана туура кадам эмес, бул биздин келечек муундардын тагдыры үчүн маанилүү стратегия. Азыркы массалык мамлекеттик курулуш жөн гана турак жайлар эмес, бул келечектин социалдык-экономикалык пайдубалы десе болот.

“Бишкекте жана облустарда дээрлик ай сайын мамлекет тарабынан жаңы батирлерден баштап, мектеп, бала бакча, оорукана, ГЭС, алыскы айылдарды, райондорду, облустарды бириктерген жаңы жолдор, вокзалдар, аэропорттор жана өндүрүштөр пайдаланууга берилип жатат. Өлкөнүн бардык бурчтарында, Бишкектеги кең проспекттерден тартып, эң алыскы аймактардагы жолдорго жана социалдык объектилерге чейин, анын ичинде көп жылдар бою көңүл сыртында калган Нарында да курулуш кайнап жатат. Аймактардын мындай тең салмактуу өнүгүшү - жарандардын жашоосуна болгон чыныгы кам көрүү аракетинин белгиси. Эң маанилүүсү, бүгүн турак жай рыногу мурдагыдай жеке курулуш компаниялардын спекуляция кылуучу аянтчасы болбой калды. Мамлекет бул сектордо толук көзөмөлдү колуна алды, эми батирлер тааныш-билиш же акчасы көптөргө эмес, чыныгы муктаж болгон адамдарга берилип жатат. Мурда бул кыял гана болсо, азыр жаңы социалдык адилеттүүлүккө айланды”, - деп айтты Саралаев.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, Нарын облусу тарабынан бир катар долбоорлор сунушталууда. Аларды ишке ашыруу аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүнүн негизинде бюджеттин өздүк кирешелерин көбөйтүүгө, айрым айыл аймактарын дотациядан чыгарууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 18.08.08.jpeg

Нарын облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына төмөнкү тармактар киргизилди:

  • агроөнөр жай комплекси, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайы;
  • өнөр жай, анын ичинде тоо-кен өнөр жайы;
  • туризм;
  • энергетика;
  • чакан жана орто бизнес.