Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Нарын облусунан президенттик балатыга 30 окуучу катышат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева окуучуларды балаты майрамына катышууга узатты.
Бул жылы балаты майрамына облустагы аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн жакшы окуган балдары катышат.
Белгилей кетсек, быйыл президенттик балаты майрамы 19-декабрда өтөт.