Нарын облусун өнүктүрүүгө 15 млрд сом бөлүнгөн – Ташиев

Аймак 11 Август 2025 11:21
530409367_786456943890744_1613634523346173767_n.jpg
530826573_786469493889489_7543695952609732444_n.jpg
531018222_786469440556161_5664152830211321002_n.jpg
531386699_786456513890787_3122687418917352774_n.jpg
531527382_786469427222829_6020588237360526802_n.jpg
531655012_786469477222824_595010981678441320_n.jpg
529004138_786456883890750_6916020265509092845_n.jpg
529828350_786457027224069_6407473382542753230_n.jpg
530145008_786457310557374_6878169955991399725_n.jpg
530360578_786457247224047_7316147754703383328_n.jpg
530382753_786456580557447_2368322969443592490_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында 127 социалдык объектинин курулушу жүрүүдө, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында атайын жана айыл чарба техникаларын тапшыруу аземинде.

Анын айтымында, бул үчүн 15 млрд сом каражат бөлүнгөн.

"Президентибиз жөн гана көз боемчулук менен эмес, накта элге жардамы тие турган, элдин жашоо турмушун өзгөртө турган өзгөрүүлөрдү жасашыңар керек деген тапшырма койгон", - деди ал өз сөзүндө.

Андан кийин Ташиев курулушу жүрүп жаткан бир нече курулуш обьектилерин көрдү.

Атап айтканда, ал президенттин турукташтыруу фондунун эсебинен курулуп жаткан коомдук мончонун, балдар оюн аянтынын жана Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушун жеринде көрүп, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле ал Нарын автобекетинин реконструкция иши менен да таанышты.

Мындан тышкары, аймакта "Жээк" аллеясы да курулары айтылды. Нарын шаарын өнүктүрүүгө багытталган бул долбоорду ишке ашырууга президенттин турукташтыруу фондунан 807 млн сом бөлүнгөн.