5-июнда президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул стратегиялык документ Кыргызстандын орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктайт. Ал туруктуу өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга, коомдун биримдигинин жана ички күчүнүн тиреги болгон руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган. Программада бардык милдеттер жарандардын татыктуу, коопсуз жана келечектүү турмушун камсыздоого бириктирилген. Бул ирет биз программадагы максаттарга ылайык, Нарын облусу тарабынан сунушталып жаткан долбоорлорго токтолобуз.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Кабар” агенттигине билдиришкендей, программаны ишке ашыруу аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүнүн негизинде бюджеттин өздүк кирешелерин көбөйтүүгө, айрым айыл аймактарын дотациядан чыгарууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

Нарын облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары:
- агроөнөр жай комплекси, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайы;
- өнөр жай, анын ичинде тоо-кен өнөр жайы;
- туризм;
- энергетика;
- чакан жана орто бизнес.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, ири инвестициялык долбоорлор жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга олуттуу салым кошууга тийиш, бул аймактын потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экспортту жогорулатууга жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул үчүн чет өлкөлүк түз инвестицияларды, эл аралык донордук уюмдарды тартууга бардык күч-аракетти жумшоо зарыл.

Регионду өнүктүрүүнүн негизги багыттары:
- аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, өнөр жай секторуна стратегиялык инвесторлорду тартуу;
- айыл чарба потенциалын өнүктүрүү;
- чакан жана орто бизнести өнүктүрүү;
- ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кытайдын рынокторуна чыгуу;
- облустун айыл чарбасына жеңилдетилген кредиттерди берүүгө көмөктөшүү;
- айлана-чөйрөнү сактоону эске алуу менен заманбап жана жеткиликтүү инфраструктураны, анын ичинде транспорттук, социалдык, ирригациялык жана санариптик инфраструктураны куруу;
- заманбап санариптик технологияларды киргизүү.

Алдыга коюлган максаттарга жетүүдө күтүлүүчү натыйжалар:
- реалдуу экономикалык өсүштүн жылдык темпин орточо 5%да камсыз кылуу;
- жумушсуздуктун деңгээлин 5%га чейин төмөндөтүү;
- региондук дүң продуктунун орточо 4,6–5,1%га өсүшү;
- калктын реалдуу кирешелеринин 2022-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 2,5 эсеге өсүшү;
- 2030-жылга карата эмгекке жарамдуу калктын агымын 25%дан кем эмес кыскартуу.

Ирригация. 2030-жылга Нарын облусуна 14 млрд 523 млн сомго 37 ирригациялык объектилерди куруу жана реабилитациялоо пландалууда.
2026-жылга чейин ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында калган 7 долбоорду аяктоо керек:
- Ак-Талаа районундагы "ЖаманДаван" каналынын курулушу;
- Ак-Талаа районундагы "Ала-Буга" насостук станциясын куруу;
- Ат-Башы районундагы "Ичке Таш-Рабат" каналынын курулушу;
- Жумгал районундагы Түгөл-Сай дарыясында сезондук жөнгө салуу бассейндин курулушу;
- Кочкор районундагы "Шамшы" сезондук жөнгө салуу бассейнин курулушу;
- Нарын облусунун Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугаруу;
- Нарын районундагы Он-Арча насостук станциясынын ордуна агып келген канал куруу.
Ирригациялык курулуштарды куруунун жана реабилитациялоонун натыйжасында жаңы өздөштүрүлгөн жерлердин аянты 8751 гектарга жетип, суу менен камсыз кылуу дагы 11868 гектарга көбөйөт.

Кайра иштетүү өнөр жайы. Эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш кластерлерин түзүү, бул кластерлерге өндүрүүчүлөрдү гана эмес, ошондой эле зарыл агросервисти киргизүү зарыл. Жаңы ыкмалар жумуш орундарын түзүүгө жана калктын кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Алсак, 2025-жылы 100 гектар чычырканактын жана кара карагаттын көчөттөрү отургузулган, 2030-жылга чейин 1000 гектар отургузуу пландалууда, ошондой эле аймакта биринчи жолу май өсүмдүгү өстүрүлүп, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда сафлор майын чыгаруучу ишкана ачылды. Сафлорду өстүрүү азык-түлүк коопсуздугуна, ошондой эле пайдаланылбаган жерлердин аянттарынын кыскарышына жагымдуу таасирин тийгизет, анткени сафлорду өстүрүү кургакчылыкка чыдамдуу талааларда жүргүзүлөт, сугат суунун жетишсиздиги бул май өсүмдүгүнүн түшүмдүүлүгүнө таасирин тийгизбейт.

Айыл чарба. Кооперативдерди жана фермердик чарбаларды ирилештирүү өндүрүштүн масштабын кеңейтүүгө, чарбалардын өндүрүмдүүлүгүн жана рентабелдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Натыйжада которуштуруп айдоону сактоо жана айыл чарба жерлерин сарамжалдуу пайдалануу процесстерин натыйжалуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болот, бул өз кезегинде талаа өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жана продукциянын сапатынын өсүшүн шарттайт. Мал чарбасында айыл чарба кооперациясы породалуу малдын санын көбөйтүү жана малдын продуктуулугун жогорулатуу сыяктуу оң жылыштарды камсыз кылат. Ошондой эле кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жумуш орундарынын пайда болушуна жол ачат.
Айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн негизги максаттары:
- жашыл технологияларды эске алуу менен кайра иштетүү өнөр жайынын потенциалын жогорулатуу;
- жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну эске алуу менен мал чарба продукциясынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу;
- өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү;
- сууну үзгүлтүксүз берүү жана сугат жерлердин аянтын көбөйтүү, суунун коромжусун азайтуу;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

Энергетика. Мында региондогу иштеп жаткан электр станцияларын, электр тармактарын реконструкциялоо жана модернизациялоо, жаңы чакан ГЭСтерди куруу пландалууда.
Туризм. 2024-жылы Нарын облусуна 141 миң 378 чет элдик турист келген. Кочкор айыл аймагында жана Нарын шаарында 3 жылдыздуу мейманкаларды салуу үчүн инвесторлорго сунуштар берилүүдө. Ошондой эле глэмпинг лагерлерди салуу үчүн 17 локация аныкталып инвестор-ишкерлерге сунушталууда.

Туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу менен туристтердин агымын 20%га көбөйтүү, туристтик тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, жаңы туристтик объектилерди куруу кажет. Бул пландар туристтик тармактагы кирешени 25%га көбөйтөрү болжолдонууда.