Ишкерлер Нарын облусуна инвестиция салууга артыкчылык берет – Абдыкадыров

Маек Загрузка... 24 Июнь 2025 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

2019-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагына индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу иштери башталган. Ишкер, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, кытайлык инвесторлор менен биргеликте ишке аша турган бул долбоор көп өтпөй өз кызыкчылыктарын ойлогон адамдардын айынан токтоп калган. “Кабар” агенттигине Абдыкадыров билдиргендей, облустун инвестициялык шарттарын эске алганда, азыр да ири өндүрүш комплекстерин ачуу кеч эмес.

- Өлкөгө инвестициянын келүүсү ишкана жайгаша турган аймактын социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизери белгилүү. Ат-Башыга убагында курулбай калган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин артыкчылыктары тууралуу айта кетсеңиз...

- Кыргызстандын жараны катары мен өлкөгө инвестиция тартып, экономикага салым кошууга аракет жасап келем. Азыр да бир катар долбоорлорду түзүү менен алекмин. 2019-жылы Нарын облусундагы эркин экономикалык аймактын жерине индустриалдык соода-логистикалык комплексти түзүү боюнча пландарды койгонбуз. Бул объектини кытайлык инвесторлор менен биргеликте ишке ашырууга келишим түзгөнбүз. Бул долбоордун баасы биринчи этабында 353 млн доллар болчу. Иштерди баштоого жер бөлүнгөн. Комплексти куруунун биринчи этабында 200 гектарга чукул жер каралып, ал 49 жылга ижарага берилмек. Комплексти куруу боюнча башкы план, техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалган.

Биздин мамлекет эмне пайда көрөт, инвестор эмне пайда көрөт баарын эсептеп, макулдашууларга келгенбиз. Мындай логистикалык өнөр жай комплекстер көп мамлекеттерде бар. Бир катар логистикалык комплекстерде болуп келгем. Алардын тажрыйбаларын карап чыкканбыз. Эң алгач эле биз пландаган комплексте Кытайдын ири заводдорунун бири телефондорду кураштырып жасоо боюнча макулдугун берген. Электромобилдерди да куруу каралган. Алар продукцияларын экспорттоого маани беришкен. Саналуу гана кишилердин кызыкчылыгынын айынан долбоор ишке ашпай токтоп калды. Бирок бүгүнкү күндө да бул долбоорду ишке ашыруу зарыл деп ойлойм. Биз дайыма эле сатып алып соода-сатык кылбай, өндүрүштү да өстүрүшүбүз керек.

- Инвестициялык долбоор жүзөгө ашса, аймакка кандай пайда алып келмек эле?

- Биздин баалоолор боюнча, логистикалык борбор курулуп калса, 12,5 миң кишиге жумуш оруну түзүлмөк. Иштерди баштаганда дубал тосулуп, капсула салуу пландалганда эле 800дөн ашык адам иштейт деп пландалган. Логистикалык аймакка терминалдар, кампалар, пайда болмок. Бул жүк ташуулардын баасын кыйла азайтмак. Анткени, Ат-Башы аркылуу Кытайга жол жакын. Соода, индустриалдык аймактарда өндүрүш ишканалары да жайгашмак. Дүң жана чекене соода көбөймөк, ондогон ишканалар иштемек. Салыктык кирешелер түшүп, аймактын инфраструктурасы жакшырмак.

- Нарын облусунда учурда жаңы ишканаларды ачууга инвестициялык климат кандай деп ойлойсуз?

- Облуста, айрыкча Ат-Башы району өнөр жай комплекстерин курууга ылайыктуу жер. Инвесторлор инвестиция салууда 5-10 жыл алдыга ойлонот. Кытай инвесторлору Кыргызстандын товар ташууга ыңгайлуу транспорт жолу бар экенин билишет. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса да экспорттун аймагы кеңейерин түшүнүшкөн. Ошондуктан ишканаларды куруу азыр да кеч эмес. Бир иш баштаганы жатканда инвесторлорго биз кылдат мамиле кылышыбыз керек. Он инвестор кызыгуу артып, ошонун ичинен бирөөсү гана келсе да, бул маанилүү экенин унутпашыбыз кажет.