Нарын облусу чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат — облус жетекчиси менен маек

Маек Загрузка... 24 Июнь 2025 19:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Инвестиция — бул аймактын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган материалдык салым. Нарын облусунда инвестиция тартуу жолу менен жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундар түзүлүүдө. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов облуста жүрүп жаткан экономикалык өзгөрүүлөр, ири долбоорлор жана инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу “Кабар” агенттигине айтып берди.

Нарын облусундагы инвестициялык климат кандай болуп жатат? Бул жаатта кандай өзгөрүүлөр бар?

— Бүгүнкү күндө мамлекет өзүнүн мурдагы - камкордук жана мүлктү башкаруучу функцияларына кайра кайтып келди. Бул багытты дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн баары басып өткөн. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, аймактарды ири административдик бирдикке бириктирүү - өнүгүүнүн башкы механизмдеринин бири болуп саналат. Биригүүдөн адам күчтөнөрү чын. Ушул эле нерсе экономикада дагы иштейт. Бул инвестицияларды алып келүүгө дагы абдан жакшы шарттарды түзөт. Мурун инвестор кайсы бир аймакка келгенде ал жердеги 4-5 айыл өкмөтү менен сүйлөшүп чыгууга туура келчү. Эми мурдагыдай мамлекет менен ишкердин ортосунда ортомчу жок. Тышкы жана ички инвестор экөө менен тең түздөн-түз иштешип жатабыз. Бул инвесторлор үчүн дагы шартты кыйла жеңилдетти. Мунун жыйынтыгында инвестициялар көбөйүүдө. Мисалы, 2023-жылы тикелей инвестициялар 77 миллион доллар болсо, 2024-жылы 91 миллионго жетти. Бул — рекорддук көрсөткүч. Алдыда 100 миллиондон ашырабыз деген ниетибиз бар.

- Облуста кайсы ишканалар инвесторлордун эсебинен иштеп жатат?

- 2018-жылдары Солтон-Сарыдагы “Бучук” алтын кениндеги кытайлык Zhong Ji Mining Company компаниясынын иши токтотулган эле. Буга көп факторлор себеп болгон. Бул маселеге кайра кайрылып, эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп отуруп, кендин ишин кайрадан жандандырдык. Бул компания төлөп жүргөн социалдык пакет мурун 2 млн 600 миң сом болсо, кийинки жолку келишинде 3 жылдын ичинде 50 млн сом болду. Башкача айтканда 20 эсеге көбөйдү. Компания бүгүнкү күндө республикалык жана жергиликтүү бюджетке да чоң көлөмдөгү салыктарды төлөп, ал элдин муктаждыктарына жумшалууда. Муну менен бирге жумуш орундары да түзүлдү. Соода-сатык, дүкөндөрдүн иши жанданды. Бул жергиликтүү бюджетке түшкөн салык аркылуу байкалууда.

Жогоруда аталган кендин жанында “Кыргыз алтындын” кени бар. Ал жерде Индиядан келген инвесторлор аба ырайынын оор жана татаал шарттарына карабастан иш баштайбыз деп жатышат.

Андан сырткары Жумгал районунун Миң-Куш аймагындагы көмүр кенин “АГУЛАК” МИси инвестордун жардамы менен иштей баштаган. Былтыр анда 2 млн 232 миң тоннага чейин көмүр казылыптыр. 500 миң тоннасы кошумча казылды. Биринчи жолу 2 миң тоннадан ашык көмүр экспортко чыкты.

Ак-Талаа районундагы “Ак-Талаа Көмүрү” мамлекеттик ишканасы иштетип жаткан Турук кени иштетилүүдө Былтыр мекеме 23 миң тонна көмүр казды. Буга чейин мынчалык көмүр казылган эмес. Учурда материалдык-техникалык базасын жаңылап жатышат.

Ошондой эле тышкы инвестициянын эсебинен “Тянь-Шань Сити” турак жай комплекси курулууда. Анын ичине административдик имарат, башкача айтканда 1,5 миң чарчы метрди түзгөн калкты тейлөө борбору курулат. Мында көпчүлүк мамлекеттик кызматтар бир жерге жайгашып, элге кызмат кылганга ыңгайлуу болот. Буга чет элдик инвестор тарабынан 3 миллиард сомдон кем эмес каражат тартылды. Азыркы учурда ал жерде 90 адам иштеп жатат.

Мурда ӨКМдин Нарын облусундагы башкармалыгынын көчмө механикалык отряды бар болчу. Ал кийинчерээк жоюлуп кетип, ал жерде иш токтоп калган экен. Мына ошол объект ишке киргизилди. Аны “Нарын курулуш” деп атаганбыз. Ал курулуштарга инерттик материал чыгарган завод болду. Жасап жаткан курулуш көлөмү жарым миллиард сомго жетип калды. Учурда өзүн өзү тейлөөдө.