Нарын өнүгүү жолунда: Социалдык объекттер курулуп, жолдор жаңыланууда

Аймак Загрузка... 21 Март 2026 11:30
5.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Учурда Нарын облусунда көптөгөн курулуш иштери жүрүп жатат, жалпысынан 143 курулуш долбоору ишке ашырылууда.

Аны менен катар, акыркы 5 жылда Нарында 51 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Анын ичинде:

  • 21 мектеп;
  • 8 бала бакча;
  • 3 оорукана;
  • 9 спорт зал;
  • 2 мамлекеттик мекеме.

Бүгүнкү күнгө чейин аткарылып жаткан бардык жумуштарга болжол менен 25 млрд сом багытталды.

Ошондой эле быйыл жыл аягына чейин жалпысынан 260 чакырым жолду оңдоп-түзөө жана иретке келтирүү пландалууда.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаровдун Турукташтыруу фондунун каражатынын эсебинен маданият үйүнүн курулушу жүрүп жатат.