Нарын коругунда бугу-маралдар үчүн кышкы тоют даярдалууда

Аймак 25 10 Август 2026 12:25
WhatsApp Image 2026-08-10 at 10.35.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-10 at 10.35.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-10 at 10.35.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-10 at 10.35.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-10 at 10.35.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-10 at 10.35.44.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда бугу-маралдар үчүн кышкы тоют даярдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Тоют Кара-Таш токой бөлүгүндө кол менен даярдалып, ишке 10го жакын адам тартылган. Мындай ыкма тоюттун сапатын жогорулатууга жана өндүрүмдүүлүгүн арттырууга багытталган.

Белгилей кетсек, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1 жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган.

"Корукту Кызыл китепке кирген ак илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа жана сейрек кездешүүчү канаттуулардын бир нече түрү байырлайт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, коруктун аймагында 500дөн ашык өсүмдүк түрү өсөт. Алардын арасында алтын тамыр, уу коргошун, мамыры жана көкөмерен сыяктуу баалуу дары өсүмдүктөрү бар.