Нарында Инновациялык креативдүү демилгелер борбору курулууда

Аймак Загрузка... 11 Август 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Нарын шаарында жаңы үч кабаттан турган искусство, маданият жана инновацияга негизделген Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев борбордун имаратын куруу иштерин жеринде көрдү.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Н.Сатаров Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушунун алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Бул долбоор президенттин Турукташтыруу фондунан Нарын шаарын өнүктүрүү үчүн бөлгөн 807 млн сомдун ичинен 467,4 млн сомго курулуп жатат.

Аталган борбордун курулушу 5874,56 метр кв жерге ылайыкталып музей, китепкана, кинотеатр маданият үйү жайгашып, заманбап шарттар түзүлмөкчү.