Эл жетишпей калды: Депутат айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштырууну узартууну суранды

Аймак Загрузка... 01 Апрель 2026 16:30
WhatsApp_Image_2026_FzNpT8X.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Улан Бакасов Нарын шаарында жана Нарын облусунда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу мөөнөтүн дагы бир айга узартууну сунуштады.

"Нарын шаарынын жана облустагы Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун элинин атынан айдоочулук күбөлүк боюнча кайрылып жатам. Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү бүтүп, эл жетишпей калыптыр. Жетишкендеринин айрымдарынын категориялары туура эмес болуп калыптыр. Мөөнөтүн дагы бир айга узартып берүүңүздөрдү эл суранып жатат", — деди Бакасов.

Эскерте кетсек, кечээ, 31-мартта Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктаган. Бүгүндөн тартып күбөлүктү алмаштыруу акысы 1 миң 389 сомду түзөт. Жарандар бул документти 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз 31-декабрга чейин алмаштыра алышат.