"Нарын" бажысында 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

Аймак 17 11 Август 2026 17:40
novosti-2411pg.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. "Нарын" бажысынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарларды өткөрүү аракетин аныкташты.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, чет өлкөлүк жаран башкарган жүргүнчү ташуучу автобусту текшерүү учурунда жалпы салмагы 460 кг жакын, 20 аталыштагы декларацияланбаган товар табылган. Алардын арасында 240 комплект камуфляждык кийим, 120 даана атайын форма жана кепка, спорттук бут кийим, унаа тетиктери жана башка товарлар болгон.

Табылган жүктүн жалпы чекене баасы 558 миң 849 сомду түзгөн. Факт боюнча материалдар андан аркы тергөө иштери үчүн өткөрүлүп, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын эки эселенген өлчөмү - 257 миң 756 сом өндүрүлгөн.