Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Нарын – Баетов унаа жолунун курулушу уланууда. Нарын районундагы 13-38-чакырым аралыгында жер иштери аткарылып, асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле бул тилкеде 5 чакырымга жакын жаңы жол куруу пландалууда.
Ак-Талаа районундагы 84-115-чакырым аралыгындагы 31 чакырымдык тилкеде асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө даярдоо иштери уланууда.
"Нарын – Баетов жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Ал Нарын жана Ак-Талаа райондорун байланыштырган маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат",-деп айтылат маалыматта.