Нарын — Баетов — Макмал унаа жолун оңдоого даярдык башталды

Аймак 30 Март 2026 15:00
6-5-1024x576.webp
657337439_1255269956781748_6548347475214370177_n.jpg
658415593_1255269860115091_6985654279036438489_n.jpg
658869356_1255269863448424_2824452890714279486_n.jpg
Алдыга
Артка
6-5-1024x576.webp
657337439_1255269956781748_6548347475214370177_n.jpg
658415593_1255269860115091_6985654279036438489_n.jpg
658869356_1255269863448424_2824452890714279486_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Нарын облусундагы Нарын — Баетов жана Баетов — Макмал унаа жолдорун реконструкциялоо иштеринин алгачкы этабы башталды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда тиешелүү тилкелерде даярдык көрүлүп, техникалык изилдөөлөр жүрүүдө.

Министрдин орун басары Улукбек Жанибеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш жүрө турган аймактарды жеринде кыдырып чыкты.

Текшерүү төмөнкү тилкелерди камтыды:

  • Нарын — Баетов жолу: 5-чакырымдан 120-чакырымга чейин;
  • Баетов — Макмал жолу: 0-чакырымдан 30-чакырымга чейин.

Учурда объекттерде төмөнкү иштер активдүү жүрүүдө:

  1. Жердин түзүлүшүн так аныктоо үчүн топосьёмка иштери.
  2. Курулуш материалдарын үзгүлтүксүз камсыздоо максатында атайын карьерлерди иштетүүгө камылга көрүлүүдө.
  3. Керектүү техникаларды жана жумушчу күчүн топтоо.

Министрдин орун басары Улукбек Жанибеков подрядчы уюмдарга курулуштун сапатын катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

"Ар бир жумуш бекитилген долбоордук документтерге ылайык, так жана сапаттуу аткарылышы керек. Биз жолдун узак мөөнөткө чыдамдуу болушун камсыздоого милдеттүүбүз", — деп белгиледи ал.