Нарын Айып кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп, кесиптештерине үлгү боло алды

Коом Загрузка... 14 Февраль 2025 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. 13-февралда белгилүү журналист Нарын Айып дүйнөдөн кайтып, кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. Суук кабарды уккан улуу-кичүү кесиптештери, замандаштары аны өз ишине берилген тажрыйбалуу журналист болгонун айтып, эскеришүүдө. Алдыда биз Нарын Айыптын (Идинов Нарын Айыпович) өмүр баяны менен тааныштырып, кесиптештеринин эскерүүлөрүн сунуштайбыз.

WhatsApp Image 2025-02-14 at 08.05.29.jpeg

Нарын Айып 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган.

1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктаган.

1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолу аталган окуу жайда мугалим болуп иштөөдөн башталган.

1977-1980-жылдары СССР Илимдер академиясынын аспиранты болгон.

Андан соң 1982-1993-жылдары Москвада СССР Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген.

1990-жылы Москвада кыргыз-орус “Мүрөк” гезитин чыгарып, анын башкы редактору катары иштеди.

1993-жылдын апрелинен октябрга чейин “Res Publiсa” эркин гезитинде башкы редактордун орун басары болгон.

1993- 2007-жылдары “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында эмгектенген.

Ал эми 2008- жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору кызматын аркалаган.

WhatsApp Image 2025-02-14 at 08.05.27.jpeg

2010-2014-жылдары КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору болуп иштеди.

2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын башкы редактору болгон.

2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп иштеген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган “ПроМедиа” коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

2017-2021-жылдары 5-каналда алып баруучу, редактор болуп эмгектенген.

2024-жылдын январь айынан бери “7-каналда” башкы редактор болуп иштеп, аналитикалык программаларды эфирге чыгарчу. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин журналистика кесибин аркалады.

7-каналдын башкы директору Илязбек Балташев журналист Нарын Айыптын эмгекчилдиги, ишке берилгендиги кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталарын белгиледи.

WhatsApp Image 2025-02-14 at 08.05.29 (2).jpeg

“Агай жумушка таң эрте келчү. Эфирге чыгара турган программаларына кылдаттык менен даярданып, аларды көрүүчүлөргө жеткиликтүү бергенге болгон күч-аракетин жумшачу. Журналисттерге акыл-насаатын айтып, күн сайын ар бир программаны талдап, кызматкерлер менен чогуу талкуулайт эле. Былтыртан тартып Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин студенттерине жумасына бир ирет барып, аналитика боюнча лекция окуп баштаган. Жумасына үч жолу “Нарын Айып”берүүсүн, аптага саресеп салган “Жети күн” деген аналитикалык программаны эфирге чыгарат эле. Агайды жоготуу кесиптештерибиз үчүн күтүүсүз болду. Анын биздин канал үчүн, деги эле кыргыз журналистикасы үчүн эмгеги жогору. Журналисттер союзунун мүчөсү, ошондой эле бирикменин этикалык кеңешинин мүчөсү катары өз ишине берилген инсан эле. Ушундай чебер журналистибизден айрылып калдык. Нарын Айыповичтин эмгекчилдиги, ишке берилгендиги кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат”, - деди Илязбек Балташев.

WhatsApp Image 2025-02-14 at 08.05.29 (1).jpeg

Нарын Айып менен бир топ жыл бирге иштеген журналист Шайырбек Эркин уулу маркумду өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, профессионалдардын бири болчу деп эскерет. Айрыкча жаш муунга журналистика боюнча кеп-кеңешин берип, өз мектебин калыптандырып кеткендигин айтат.

WhatsApp Image 2025-02-14 at 08.26.14.jpeg

“Иштерман, мээнеткеч эле. Ар бир сөздү кынаптап, кайсы тилде жазбасын тексттин келтире иштеп, сөзгө аябай маани берчү. Аналитикалык материал же төрт сап жаңылык жазабы, ар тараптан толуктап, изилдеп жазчу. Айрыкча кийинки муунга үлгү болду. Нарын байкедей кишилер ар бир редакцияга керек деп ойлойм. 5-каналда иштеп жүргөндө көп сабак алдык. Күндө эртең менен эфирге чыккан материалдарды анализдеп, талдаганда өзүнүн оюн, көз карашын айтчу. Нарын Айыптын мектебинен өткөн ар бир журналист өзү үчүн чоң сабак ала алды десек болот. Кайсы жерде иштебесин агай өз мектебин калыптандырып кетти”, - дейт Шайырбек Эркин уулу.

Таанымал журналист Нарын Айыпты акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 15-февралда болот. Ал акыркы жайга саат 10:30да Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндөгү ¼ дарегиндеги үйдөн узатылат.

Журналист, кесиптешибиз Нарын Айыптын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу “Кабар” агенттигинин жалпы жамааты үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.