Белгилүү журналист Нарын Айып дүйнөдөн кайтты

Коом Загрузка... 13 Февраль 2025 18:05
WhatsApp Image 2025-02-13 at 15.06.44.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бүгүн белгилүү журналист Нарын Айып 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине 7-каналдын башкы директору Илязбек Балташев кабарлады.

Анын айтымында, Нарын Айып жумуш ордунда көз жумган. Ал 2024-жылдан бери 7-каналда башкы продюсер кызматын аркалап келген.

“Агай адаттагыдай эле бүгүн жумушка келген. Түшкү саат 12лерде кабинетине барып, диванга жаздык коюп, жаткан экен. Балдар көрүп, жашы улгайып калган киши эс алып алайын деп жаткан го деп ойлошуптур. Эки саатка чукулдап калганда байкап, Тез жардам чакырдык. Бирок агай үзүлүп кетиптир. Биздин каналга Нарын Айып 2024-жылдын январь айында жумушка кирген. Өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, абдан тажрыйбалуу кесиптешибиз эле. Аналитикалык программаларды даярдап эфирге чыгарчу. Бизге да ушундай адамды жоготуу оор болуп жатат”, - деди Илязбек Балташев.

Ошондой эле ал Нарын Айыптын сөөгү качан жана кайда жерге берилери боюнча кошумча маалымат болорун айтты.

Белгилей кетсек, Нарын Айып 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктаган. 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн. Бир катар гезит, радио, телеканалдарда эмгектенген.

2008-2010-жылдары Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору кызматын аркалаган.

Журналист, кесиптешибиз Нарын Айыптын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу “Кабар” агенттигинин жалпы жамааты үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.