"Нарын" аэропортуна барчу 5,5 чакырым жол асфальтталды

Аймак Загрузка... 25 Ноябрь 2025 10:10
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Нарын – Оруктам жолунун 4-9+500 чакырымдар аралыгына асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, "Нарын" аэропортуна барчу бул жолдун жалпы 5,5 чакырымы оңдолуп, эки тараптуу жасалды.

Азыркы тапта министрликке караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Титулдук тизменин эсебинен ишке ашкан жол оңдоо жумуштары унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.