Мырзаларда кайсы оорулар көп катталат? Дарыгердин жообу

Ден соолук Загрузка... 17 Февраль 2025 18:51
front.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon www

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда эркектердин ден соолугунун айлыгы - “Жоопкерчиликтүү бол!” акциясы уланууда. Бүгүн Биринчи радионун эфиринде Бишкектеги №7 ҮМБнын жетекчисинин орун басары Кымбат Эшенова эркектерде көп кездешүүчү оорулар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 1-февралдан тарта республика боюнча эркектердин ден соолугун алдын алууга багытталган «Жоопкерчиликтүү бол!» акциясы өтүп жатат.

«Акциянын эки жумасында биз 5 миң эркекти текшере алдык. Эң көп аныкталган көйгөйлөр ашыкча салмак, жүрөк-кан тамыр оорулары, гипертония жана диабет. Негизи эле бизде ден соолугубузга каршы профилактикалык чараларды көрүү адатыбыз жок. Бул жерде бир гана эркектер эмес, аялдар да өзүн абдан жаман сезгенде гана ооруканага келишет. Бул жакшы эмес. Жылына жок дегенде бир жолу ден соолукту текшерип турууну адатка айландырышыбыз керек. Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келгени менен эл арасында активдүүлүк анча деле жогору эмес. Бирок массалык маалымат каражаттарына жана активисттерге рахмат, мурункуга салыштырмалуу айырма бар», - деди ал.

Эшенова активдүү жашоо образын тандап, туура тамактанууну сунуштады.

«Бул эң маанилүү себептер, аларды аткарбоо ашыкча салмактын пайда болушуна алып келет, ал өз кезегинде көпчүлүк оорулардын негизги себептеринин бири болуп саналат",-деди ал.

Ошондой эле психикалык саламатты сактоо жана стресске же депрессияга түшпөөгө аракет кылуу маанилүү.