Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигине өлкөдө окуу жылы мындан ары дайыма 15-сентябрдан башталабы же жокпу деген суроого жооп берди.
Анын айтымында, 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.
"Бир жылдан кийин биз мунун жыйынтыктарын карап чыгабыз. Экологиялык, медициналык, айыл чарба жана башка кызматтар климаттык жана экономикалык натыйжалуулукту эске алуу менен өз корутундуларын беришет. Мына ошол жыйынтыктардын негизинде бул тажрыйбаны улантуу же токтотуу боюнча чечим кабыл алынат", - деди Кендирбаева.
Эске салсак, бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө.