Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Жол боюнда мыйзамсыз сатылып жаткан бензин коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратат. Нефтрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Кабар” агенттигине маегинде билдирди.
Анын айтымында, эң негизги көйгөй - коопсуздук маселеси.
“Бензин - өтө тез күйүүчү жана жарылуучу зат. Аны сатуу менен мыйзамсыз сатуучулар өз өмүрүн гана эмес, айланасындагы адамдарды да коркунучка кептейт. Бул абдан терс көрүнүш. Ар кайсы мамлекеттик органдарга кайрылып жатабыз. Мындай көрүнүштү толук жоюу керек,” – деди Эшатов.
Ал кошумчалагандай, мындай көрүнүш көбүнчө Казакстан менен чектеш аймактарда, тактап айтканда Чүй жана Талас облустарында кездешет.
“Кээ бир жарандар Казакстандан бензобактарын толтуруп келип, Кыргызстанда 5–10 сом кошуп башка компанияларга караганда арзаныраак сатышат”,-деди ал.