Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Мьянмадагы катуу жер титирөөдөн 2 миң 886 адам каза болуп, дээрлик 5 миң киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка караганда, дагы 373 адам дайынсыз болууда.
Эске салсак, буга чейин Кытайдын сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча, 28-мартта саат 14:20да Мьянмада күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу 30 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Биринчи жер титирөө Мьянманын Сагаинг шаарынан түндүк-түштүккө карай 16 чакырым аралыкта болгон. Экинчи катуу жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетип, Мандалай шаарында биринчи титирөөдөн 12 мүнөттөн кийин болгон.
Учурда Мандалай жана Мьянма шаарларында адамдар урандылардын астынан чыгарылып, издөө-куткаруу иштери уланууда.