Мьянмадагы жер титирөө: эки миңден ашуун адам каза болду

Дүйнө 1342 01 Апрель 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-04-01 at 07.11.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 07.11.23 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 07.11.23 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-01 at 07.11.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 07.11.23 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 07.11.23 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Мьянмадагы катуу жер титирөөдөн 2 миңден ашуун адам каза болуп, дээрлик 4 миң киши жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, дагы 270 адам дайынсыз болууда.

Эске салсак, буга чейин Кытайдын сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча, 28-мартта саат 14:20да Мьянмада күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу 30 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Биринчи жер титирөө Мьянманын Сагаинг шаарынан түндүк-түштүккө карай 16 чакырым аралыкта болгон. Экинчи катуу жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетип, Мандалай шаарында биринчи титирөөдөн 12 мүнөттөн кийин болгон.

Учурда Мандалай жана Мьянма шаарларында адамдар урандылардын астынан чыгарылып, издөө-куткаруу иштери уланууда.