"Музейдеги түн": Бишкекте ондогон маданий иш-чаралар өттү – сүрөт

Маданият Загрузка... 18 Май 2026 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинде салтка айланган "Музейдеги түн" акциясы өтүп жатат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов бул акция Эл аралык музейлер күнүнө карата уюштурулганын белгиледи.

"Бул күнү биз жаштарды жана башка тургундарды тартуу, алардын музейлерибизде эмнелер сакталып жатканын көрүүсү үчүн эшигибизди ачабыз. Негизи, "Музейдеги түн" – бул жыл сайын өтүүчү маданий программа. Мындан сырткары, өткөн жылы бир ай бою келүүчүлөр үчүн эшигибизди акысыз ачканбыз. Мунун баары өсүп келе жаткан муунубуз музейлерге көбүрөк келип, ата-бабаларыбыздын тарыхын жана башка маданий мурастарды үйрөнүшү үчүн жасалууда", – деп коштоду ал.

Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова Кыргызстанда "Музейдеги түнү" абдан популярдуу акция экенин баса белгиледи.

"Биз бүгүн параллелдүү түрдө 80 иш-чара өткөрүп жатабыз жана 10 миңден ашык киши келет деп күтүүдөбүз. "Музейдеги түн" акциясы жалпысынан биздин кайдан келгенибизди жана мындан аркы жолубуз кандай болорун түшүнүүгө жардам берет. Маданий мурастарды сактоого гана эмес, жаңы маани-маңыздарды жаратууга да көмөктөшөт. Түшүндүрүп айтканда, өткөн чак азыркы учур менен сүйлөшө баштайт, ал эми азыркы учур келечек жөнүндө ойлонууну үйрөнөт. Ошондуктан музейди өткөн чак, учур чак жана келечектин ортосундагы жандуу көпүрө деп атоого болот", - деди ал.