Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Сот системасындагы коррупциялык схема боюнча жактоочу кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан сот системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында мурда судья болуп иштеген, учурда жактоочулук кызматты аркалаган А.К.А. кармалды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү кызматтык абалын жана жеке байланыштарын колдонуп, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин чыгарып берүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурган.
Тактап айтканда, А.К.А. баштапкы этапта жабырлануучудан 25 миң АКШ долларын алган. Бирок бул сумма менен чектелбестен, кошумча 7 миң доллар талап кылууну уланткан. Эгерде акча берилбесе, өзүнүн административдик мүмкүнчүлүктөрү аркылуу соттун чечимин каршылаш тараптын пайдасына чечтирерин айтып коркуткан.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, жактоочу талап кылган сумманын бир бөлүгүн (437 500 сом же 5 000 доллар) алып жаткан учурда кармалды.
Чогултулган материалдардын негизинде соттун чечими менен кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.