Мунай рыногундагы азыркы кырдаалда ЕАЭБ өзүн кантип коргойт?

Аналитика Загрузка... 05 Март 2026 17:30
WhatsApp_Image_2026_ey1qnpt.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Жакынкы Чыгышта кырдаал күчөгөндөн бир нече күн өтөрү менен дүйнөлүк мунай рыногунда абал жакшы эмес нукка бурулду десе болот. Бир катар өлкөлөрдүн энергетикалык инфраструктурасы олуттуу зыянга учурап, кыйроолордун масштабы азырынча белгисиз. Ошол эле убакта каршылашкан тараптар бир пикирге келе элек, аскердик операциялар дагы деле уланып жатат.

Дүйнөлүк мунай соодасынын 20 пайызы ташылып өткөн Ормуз кысыгында ондогон танкерлер чабуулда калып, бөгөттөлдү. Мындан сырткары Сауд Аравиясы, Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдүн мунай өндүрүүчү ишкана комплекстери жапа чекти.

Бензин жана суюлтулган газ өндүрүүчү ири заводдордун иши токтоду. Глобалдык энергетикалык рыноктун качан калыбына келерин бир да эксперт айта албай турат.

Евробиримдикте газдын баасы бир жумага жетпеген убакытта эки эседен ашык кымбаттаганын түркиялык "Анадолу" агенттиги билдирди.

"Европанын эң чоң виртуалдык жаратылыш газ соода борбору TTFде (Нидерланддар) апрель фьючерстеринин баасы Түркия убактысы боюнча саат 14:20га карата мегаватт-саатына 65,5 еврого жетти. 27-февралга чейин баалар мегаватт-саатына 31,95 евро чегинде жабылган. Ошентип, Жакынкы Чыгыштагы аскердик чабуулдарга чейинки деңгээлге салыштырмалуу Европада газдын баасы 100%дан ашуун кымбаттады. Бир эле бүгүнкү өсүш кечээкиге салыштырмалуу 47%ды түздү",-деп айтылат маалыматта.

Ал эми россиялык РБК басылмасы мындай деп жазды:

"АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынан улам Европада газдын биржалык баасы көтөрүлдү. Эки күндүн ичинде европалык газ 100%дан ашык кымбаттады. 2023-жылдын 12-январынан бери биринчи жолу газдын миң куб метри 800 доллардан жогору сатылууда",-деп жазган РБК.

Азиянын фондулук рынокторунда да кескин төмөндөө болууда, анткени бул регион Перс булуңунан келген товарларга көз каранды. Аймактын эң ири мунай жана газ импорттоочулары Кытай, Япония, Түштүк Корея жана Индия. Энергоресурстар боюнча белгисиздиктен улам бир топ компаниялар акцияларын сатышты. Күйүүчү майдын баасы кымбаттап, ишкердик активдүүлүк төмөндөөдө. Ал эми каатчылык эми гана башталды

"Сеулдун Kospi индекси шаршембиде 12%га төмөндөдү, бул анын тарыхтагы эң ылдый төмөндөшү болуп саналат. Андан мурунку күнү 7%га төмөндөгөн, ошентип, аймак энергиянын кымбаттоосунун кесепетине даярданып жатат. Япон рыноктору да чоң жоготууларга учурады: Nikkei индекси дээрлик 4%га төмөндөдү, TOPIX индексинде да ушундай эле ылдыйлоо катталды", - деп чет элдик ЖМКлар жазып жатышат.

Экономисттердин айтымында, күчөгөн соккулардын кесепеттери күтүүсүз болушу мүмкүн. Глобалдык белгисиздиктин мындай татаал кырдаалында Венгриянын өкмөтү тез чечим чыгарып, тышкы иштер министри Петер Сийяртону Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү үчүн Кремлге жөнөттү. Ушуну менен Будапешт энергетикалык коопсуздуктун эң орчундуу маселелерин чечип алды. Бул өлкө мунай менен газды туруктуу баада жана керектүү көлөмдө алат.

"Иранда жүрүп жаткан согушка карабай, Россия мунун баарын ошол эле баада жеткире тургандыгы боюнча кепилдик берди. Ошентип Венгрияны энергия менен камсыздоо коопсуздандырылып, коммуналдык төлөмдөр төмөн деңгээлде болот", — деп билдирди Сийярто Москвадагы жолугушуудан кийин венгриялык журналисттерге.

Бул арада ЕАЭБ тынч турат. Жакынкы Чыгыштагы күйүүчү май жетишсиздигине байланышкан каатчылык, албетте, өнөктөш өлкөлөргө коркунуч жаратпайт. Бирок мунайдын биржалык баасы көтөрүлүп кетүү кооптуулугу бар. Биз экономикалык бирликтин курамында болгонубуз менен күйүүчү майды рыноктук механизмдер аркылуу сатып алабыз. Бул мурда эле чечилип, кабыл алынган.

Учурда серепчилер санкцияларга карабай Россиянын мунайына суроо-талап өсө турганын белгилешүүдө. Айтмакчы, Европага мунай жеткирүүдө санкциялар акырындык менен артка кайтарылып же алынып салынууда. "Роснефть" компаниясынын туунду ишканасы Германияда чектөөлөрдөн бошотулган. Бул сөзсүз түрдө баалар көтөрүлөт дегенди билдирет.

Экономисттердин пикиринде, Европадагыдай же дүйнөдөгүдөй каатчылык бизде мынчалык кескин түрдө болбосо да, энергия ресурстарынын кымбаттоо факторун эске алуу зарыл. Азыртадан эле узак мөөнөттүү кепилденген жеткирүүлөр жөнүндө ойлонушубуз керек, ошону менен бирге баалардын өсүшү экономикабыз үчүн күтүүсүз сокку болбошу үчүн өнөктөштөр менен бааны ооздуктоо механизмдерин талкуулоо максатка ылайык .

Экономикалык биримдиктин чегинде бирдиктүү өнүгүү мейкиндигине жана анын туруктуулугуна келгенде, өз ара жардам көрсөтүү жана колдоо чаралары мурда колдонулуп келген. Россия ички рынокту жана өнөктөш өлкөлөрдүн суроо-талаптарын камсыздоо үчүн күйүүчү майды ЕАЭБдин чегинен чыгарууга чектөө киргизген учурлар болгон. Азыр да абал ушундай.

Серепчилер белгилегендей, глобалдык турбуленттик шарттарында тышкы таасирлерден жана глобалдык толкундоолордон жамааттык коргонууну камсыздоо үчүн кызматташуу форматтарын өркүндөтүү зарыл. Бул туруктуулук маселеси.