Мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатууда чечкиндүү кадамдарга барабыз – министр

Билим Загрузка... 10 Февраль 2026 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Биз кадрларды бекемдөөгө, мугалимдердин өз адистиги боюнча иштөөсүнө басым жасап, кесиптик компетенцияларын жогорулатууда чечкиндүү кадамдарга барабыз. Бул тууралуу агартуу министри Догдургүл Кендирбаева министрликтин 2025-жылдагы ишин жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, бул аракеттерди президент Садыр Жапаров да колдоого алып, методикалык бирикмелердин айлык маянасын жогорулатуу чечими кабыл алынган.

“Мугалимдерге жогорку талаптар коюлат. Мен дайыма айтып келем, министр үчүн, райондук башкармалык үчүн же текшерүүчүлөр үчүн жасалма сабагыңардын кереги жок. Эң башкысы сиздердин чыгармачылык ишмердүүлүгүңөрдүн натыйжасы балдарга багытталышы керек. Санариптештирүү аркылуу 84% мугалимдерге болгон жүктөрдү азайта алдык. Ошондой эле ишмердүүлүгүбүздөгү адам факторун да четке чыгара алдык. Билим берүү системасына кирген санариптик платформалар аркылуу байкоо системасын түзүүгө жетиштик. Мында биз ар бир баланын кандай окуп жатканын, китепти ким колдонуп жатканын жана ар бир мугалимдин ишмердүүлүгүн көрүп турабыз”,- деди Кендирбаева.

Ошондой эле министр өткөн жылы билим берүү түзүмүндө олуттуу көйгөйлөр жаралып, Агартуу министрлигине карата сын-пикирлер көп айтылгандыгын өз сөзүндө белгиледи.

“Акыркы бир жылда министрлик олутуу көйгөйлөргө туш болду. Биздин реформанын өзгөчөлүгү бул туруктуулук, тыштан келген чоң акча же фрагменталдык реформа болгон жок. Бизде комплекстүү трансформация болду. Сынды укмуштуудай эле уктук. Бирок, биз ошол эле учурда конструктивдүү сунуштарга өтө муктаж болдук. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө бизге көмөктөшкөн мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз”,- деди ал.

Андан тышкары, билим берүүнүн сапаты тууралуу маалымат берилип, ЖРТ билим сапатын аныктай турган интсрумент эмес экендиги айтылды.

“Биздеги билим берүүнүн сапатын жалаң гана мугалим же ЖРТ чечпейт. Жер-жерлерде облус жетекчилери, акимдер бир гана ЖРТнын жыйынтыгы менен билим сапатын аныктоого өтүштү, бул таптакыр туура эмес. Анткени, ЖРТ билим сапатын аныктай турган инструмент эмес. Мында негизги көйгөй мугалимдердин жетишсиздиги. Вакансия кайсы предметтерде бар өзүңүздөр көрүп турасыздар. Математика, физика, информатика сабактары боюнча мугалимдерге вакансиялар дээрлик бардык райондордо бар. Башталгыч класстардын мугалимдеринин жетишсиздиги Бишкек жана Ош шаарында байкалат. Ошондой сүрөт, музыка жана дене тарбия сабактары боюнча да мугалимдерге вакансиялар көп”,- деди агартуу министри.