Мугалимдердин кесиптик чеберчилиги жогорулатылат

Жогорку Кеңеш 9 сентябрь 2026 14:10
Мугалимдердин кесиптик чеберчилиги жогорулатылат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо иштери системалуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүү системасынын методикасы PISA изилдөөсүнүн талаптарына шайкеш келет. Учурда жаңы окуу китептери жана усулдук материалдар иштелип чыгууда.

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп, "Устат" порталында 30 миңден ашуун материал, 25 видео жана 68 электрондук модуль жайгаштырылган. Анын ичинен 45 модуль боюнча мугалимдер өз алдынча окуудан өтүп, сертификат ала алышат.

Өткөн жылы мындай окууларды 7 миң 600дөн ашуун педагог аяктаган. Мындан тышкары, квалификацияны жогорулатуу курстары онлайн, офлайн жана аралаш форматта өткөрүлүүдө.