Бишкек, 23.09.26 /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарында “Жылдын мыкты мугалими – 2026”, “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” жана “Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026” республикалык сынактарынын финалдык этабы башталды.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын финалдык этабына өлкөнүн аймактарынан тандалып алынган мыкты педагогдор катышып, өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жана тажрыйбасын көрсөтүүдө.
Финалдык этапта мугалимдер, тарбиячылар жана кошумча билим берүү уюмдарынын педагогдору өз ара күч сынашып, мыктылар аныкталат.