Акыркы жылдары Кыргызстанда мугалимдерди колдоого өзгөчө көңүл бурулуп, педагогдор үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Алардын арасында айлык маянаны жогорулатуу, жеңилдетилген шартта турак жай алуу мүмкүнчүлүгү жана “Жылдын мыкты мугалими” сыяктуу сынактар бар. Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата “Кабар” агенттиги мугалимдерди колдоо системасындагы өзгөрүүлөр жана бүгүнкү күндө педагогдор үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндайт.
Айлык маянанын жогорулашы
1-апрелден тартып мугалимдердин айлык маянасы орточо 100 пайызга жогорулады.
Мисалы, буга чейин шаарда эмгек стажы жок жаш мугалим айына болжол менен 14 миң сом алса, азыр анын айлыгы 39 миң сомдун тегерегинде. Салыктар кармалгандан кийин колуна болжол менен 32 миң сом тиет.
Ал эми 30 жылдан ашык эмгек стажы бар, бийик тоолуу аймакта иштеген тажрыйбалуу мугалим мурда болжол менен 65 миң сом алса, азыр анын айлыгы 104 миң сомдун тегерегине жетти. Салыктар кармалгандан кийинки сумма болжол менен 90 миң сомду түзөт.

Мындай өсүш мугалимдердин материалдык абалындагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн бири болду. Айлык маянанын жогорулашы педагогдорго күнүмдүк каржылык маселелерин чечүүдө көбүрөк мүмкүнчүлүк түзүп, билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн сезилерлик колдоо болуп калды.
Кошумча төлөмдөр жана үстөктөр
Жогорулатылган кызматтык маянадан тышкары, педагогдорго ай сайын берилүүчү жана кызыктыруучу бир катар кошумча төлөмдөр каралган.
Педагогикалык эмгек стажына жараша төмөнкүдөй үстөктөр төлөнөт: 3 жылдан 8 жылга чейин — тарифтик ставканын 10 пайызы, 8 жылдан 13 жылга чейин — 20 пайызы, 13 жылдан ашык болсо — 30 пайызы.
Класс жетекчилик үчүн айына 2 100 сом төлөнөт. Буга чейин бул сумма 1 400 сомду түзгөн. Мында мугалим канча класска жетекчилик кылганына карабастан, кошумча төлөм бир гана класс жетекчилик үчүн эсептелет.
Дептер текшергендиги үчүн 2 700 сом өлчөмүндө кошумча төлөм каралган.
Эл аралык олимпиадаларда жеңүүчү жана байгелүү орундарды алган окуучуларды даярдаган мугалимдерге бир жолку сыйлыктар берилет. Биринчи орун үчүн — 500 миң сом, экинчи орун үчүн — 300 миң сом, үчүнчү орун үчүн — 200 миң сом.
Ал эми республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдерге окуу жылынын ичинде ай сайын кошумча төлөм берилет. Биринчи орун үчүн — 10 миң сом, экинчи орун үчүн — 7 миң сом, үчүнчү орун үчүн — 5 миң сом.

Айыл жеринде эмгектенген педагогдорго 1 800 сом өлчөмүндө кошумча төлөм төлөнөт. Муниципалдык мектептердин мугалимдерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен да кошумча төлөмдөр берилет. Маселен, Бишкек шаарында муниципалдык үстөк миң сомду түзөт.
Мындан тышкары, квалификациялык категориялар үчүн төлөнүүчү кошумча төлөмдөр да сакталат. Жогорку категориядагы мугалимдерге — 5 миң сом, биринчи категорияга — 3 миң сом, экинчи категорияга — 2 миң сом кошумча төлөнөт.
Ошондой эле илимий даражасы бар педагогдорго кошумча төлөмдөр жана бийик тоолуу аймактарда иштеген мугалимдерге атайын коэффициенттер каралган.
Ошентип, педагогдордун негизги айлык маянасы жогорулатылгандан тышкары, эмгек стажын, квалификациясын, иш шартын жана кесиптик жетишкендиктерин эске алган кошумча төлөмдөр системасы да иштейт.
Мугалимдер үчүн жеңилдетилген ипотека
Мугалимдерди колдоонун дагы бир багыты — турак жай маселесин чечүүгө көмөктөшүү.
Мугалимдер Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча турак жай алууга укуктуу жарандардын катарына кирет. Турак жай жылдык 4 пайыздык үстөк менен 25 жылга чейин, баштапкы төлөмсүз берилет.

Өзүнүн турак жайы жок педагогдор үчүн мындай мүмкүнчүлүк маанилүү социалдык колдоо болуп саналат. Жеңилдетилген шарттар мугалимдерге турак жай маселесин кыйла ыңгайлуу шартта чечүүгө жана өз үйүн сатып алууга каражат багыттоого мүмкүнчүлүк берет.
Мугалимдерди колдоонун башка чаралары
Буга чейин билим берүү тармагындагы педагогдорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева да айтып келген.
“Президент тарабынан мугалимдерди этап-этабы менен колдоо боюнча стратегия коюлган. Биринчиден, бул — социалдык төлөмдөр жана айлык маянанын жогорулашы. Экинчиден, быйыл педагогдор үчүн 500 орундуу ден соолукту чыңдоо борбору курулат. Мындан тышкары, бардык мугалимдерди ноутбуктар менен камсыз кылып жатабыз. Ошондой эле педагогдорго жеңилдетилген насыя берүүнү сунуштап жатабыз. Дүйнөдө мындай комплекстүү колдоо системасы бар экенин билбейм. Балким, постсоветтик өлкөлөрдүн арасында биз бул багытта алдыда турабыз”, — деген министр.
Кендирбаева билим берүү тармагындагы реформалардын активдүү жүрүп жатканын жана системага ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеген. Анын айтымында, педагогдор үчүн сапаттуу эмгек шарттары түзүлүүдө. Анын ичинде жаңы мектептердин курулушу, айлык маяналардын жогорулашы, жаңы усулдук окуу-методикалык материалдар менен камсыздоо жана ипотека түрүндөгү социалдык колдоо чаралары каралган.

“Жылдын мыкты мугалими” сынагы
Мугалимдерди колдоонун маанилүү мисалдарынын бири — “Жылдын мыкты мугалими” сынагы. Ал педагогдордун кесиптик жетишкендиктерин баалоого жана аларды материалдык жактан сыйлоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев республикалык “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын баш байгесинин ээси Меруэт Бакировага Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Меруэт Бакирова бул жаңылык ага кандай таасир бергенин айтып берди.
“Сезимдеримди сөз менен айтып жеткире албай турам. Түш көрүп жаткандай сезилип жатат. Абдан бактылуумун жана кубанычтамын. Анткени бул менин үй-бүлөмдүн кыялы болчу, балдарым да чоңоюп калды. Баш байге мен үчүн күтүүсүз болду. Жыйынтыкты укканда абдан сүйүндүм”, — деди ал.
Меруэт Бакирова мектепте “Диндердин өнүгүү тарыхы”, тарых жана “Адам жана коом” сабактарынан билим берет.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев президенттин фондунан 18 педагогдун ар бирине 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Алардын 14ү “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын предметтик номинациялары боюнча жеңүүчүлөр болсо, төртөө “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын номинацияларынын жеңүүчүлөрү.
Педагогдорго мамлекеттик колдоо
“Жылдын мыкты мугалими” сынагынын “Орус тили жана адабияты боюнча мыкты мугалим” номинациясынын жеңүүчүсү Миргүл Кадырова “Кабар” агенттигине берген пикиринде педагогдордун айлык маянасынын жогорулашын жана мугалимдерге көрсөтүлүп жаткан башка мамлекеттик колдоо чараларын маанилүү деп баалады.
Анын айтымында, айлык маянанын жогорулашы мугалимдер үчүн сезилерлик колдоо болду.
“Буга чейин 15-20-25 миң сом айлык алып иштеген учурларыбыз болгон. Азыр 50 миң сомдон ашык айлык алып жатабыз. Ошондуктан муну мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн абдан сезилерлик колдоо деп эсептейм”, — деди ал.
Миргүл Кадырова материалдык абалдын жакшырышы мугалимдерге кесиптик ишине көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүнчүлүк түзүп жатканын белгиледи.

“Эгер мугалимдин материалдык абалы жакшы болсо, ал өз ишине толук көңүл бура алат. Эгер мугалим турмушундагы материалдык маселелерге алаксып турса, чоң ийгиликтерге жетише албайт”, — деди ал.
Кадырова сынакка катышуусу тууралуу айтып жатып, аны 2018-жылы баштаганын белгиледи. Ошол жылы райондук баскычта биринчи орунду ээлеген, бирок кийинки этапка өтө алган эмес.
“Бүгүн мен сегиз жыл мурун алдыма койгон максатыма жеттим деп эсептейм. Анткени “Орус тили жана адабияты боюнча мыкты мугалим” номинациясында жеңишке жетиштим. Бул мен үчүн эң жогорку сыйлык”, — деди ал.
Кадырова сынактын жеңүүчүсү катары алган 500 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка да токтолуп, мындай сынактар мугалимдер үчүн чоң стимул экенин белгиледи.
“Бул мугалимдер үчүн чоң стимул жана чоң колдоо”, — деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, педагог мугалимдерди колдоого багытталган башка чараларга, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө да оң баасын берди.
Ошентип, бүгүнкү күндө мугалимдерди колдоо айлык маянаны жогорулатуу менен гана чектелбестен, жеңилдетилген ипотека, кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйлоо жана башка социалдык чараларды да камтыйт. Мындай колдоо педагогдорго өз ишине ишенимдүү мамиле жасап, кесиптик жактан өнүгүүгө жана жаңы ийгиликтерге жетишүүгө шарт түзөт.