“Мугалим PRO” долбоору: Ошто эң мыкты 35 педагог тандалып алынды

Коом 16 сентябрь 2026 11:50
800469580_1426271359691757_4734903174426568278_n.jpg
807909534_1426271529691740_7993311732933285902_n.jpg
812754964_1426271329691760_5577777172078655299_n.jpg
796691322_1426271369691756_2445401562822923260_n.jpg
799724565_1426271636358396_2887783330691851951_n.jpg
789425146_1426271583025068_6879008560631528328_n.jpg
812400388_1426271393025087_7024515328001618094_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Ош шаарында “Мугалим PRO” долбоору кайрадан старт алды.

Мэриядан билдиришкендей, мурунку жылдан тарта ишке ашырылып келе жаткан бул 6 айлык демилге 35 жашка чейинки мугалимдердин кесиптик, санариптик жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоорго катышууга 300гө жакын жаш адис кызыгуу билдирип, эки этаптуу тандоонун (онлайн-тандоо жана маектешүү) жыйынтыгында 35 мыкты мугалим тандалып алынды.

Долбоордун жыйынтыгы боюнча эң мыкты катышуучулардын арасынан 2 мугалимге чет өлкөдө кыска мөөнөттүү тажрыйба алмашууга жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилет.