Мугалимдерди колдоодо Кыргызстан алдыга чыкты – Кендирбаева

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 12:15
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө мугалимдердин эмгек акысы жогорулады, бул билим берүү тутумунда иштөөнү каалагандардын санынын өсүшүнө өбөлгө түзүшү керек. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте иш тажрыйбасы жок, толук эмес жумуш күнү (бир ставка) менен иштеген катардагы мугалим бир айда 35 миң сомго жакын айлык ала алат.

"Президент тарабынан мугалимдерге этап-этабы менен колдоо көрсөтүү стратегиясы коюлган. Биринчиден, социалдык төлөмдөр, айлыктар жогорулады. Экинчиден, ушул жылы педагогдор үчүн 500 орундуу ден соолукту чыңдоо борборунун кошумча курулушу башталууда. Мындан сырткары, биз бардык мугалимдерди керектүү программалар жана ноутбуктар менен камсыз кылып жатабыз. Ошондой эле педагогдорго жеңилдетилген насыяларды сунуштап жатабыз. Мугалимдерге ушундай деңгээлде камкордук көрүлгөн башка өлкөнү жолуктура элекмин. Натыйжада, биз постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен баарынан алдыда болсок керек", - деди министр.

Кендирбаева реформа абдан жигердүү жүрүп жатканын жана билим берүү тутумун бардык тараптан колдоо менен коштолуп жатканын көбү белгилеп жатышканын айтты. Сапаттуу иш чөйрөсү түзүлүп, жаңы мектептердин курулушу, айлыктардын жогорулашы, жаңы методикалык куралдар менен камсыздоо жана ипотека түрүндөгү социалдык колдоолор көрсөтүлүүдө.