Бишкекте "Мектеп 21" долбоорун ишке киргизүү боюнча даярдыктар уланууда. Долбоордун директору Азиза Чистякова окутуу форматы, тандоо этаптары жана катышуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу "Кабар" агенттигине айтып берди.
– Азиза Эрлисовна, учурда "Мектеп 21" долбоорун ишке киргизүү кайсы баскычта турат? Мекеме так кайсы жерде жайгашат?
– Учурда "Мектеп 21" кампусунун курулуш иштери жана кызматкерлерди тандоо жүрүп жатат. Кампустун ачылышы жана кабыл алуунун башталышы тууралуу кошумча маалымдайбыз. Мектеп Кыргызстандын президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин аймагында жайгашат.
– Кадрдык курам кандай болот? Кандай кызмат орундары каралган?
– Мектептин кадрдык курамына административдик-башкаруу персоналы, IT-адистер, кенже тейлөө жана техникалык кызматкерлер, ошондой эле катышуучулар менен иштөө боюнча негизги адистер кирет. Дагы бир жолу белгилеп кетсем, учурда кызматкерлерди кабыл алуу жүрүп жатат.

– Окууга арыздарды кабыл алуу качан башталат жана тандоо кандай тартипте өтөт?
– Окууга арыздарды кабыл алуу биринчи "бассейн" башталардан бир нече ай мурун башталат. Так мөөнөттөрүн кошумча билдиребиз. "Бассейн" – бул негизги окуунун алдындагы акыркы тандоо этабы. Ал 14 күнгө созулат жана мектептин кампусунда офлайн (бетме-бет) форматта өтөт. Бул убакыт аралыгында катышуучулар C программалоо тилин үйрөнүп, практикалык тапшырмаларды аткарышат жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Тандоого катышуу үчүн билдирме калтырып, андан соң алгоритмдик ой жүгүртүү, эс тутум жана логика боюнча онлайн оюнду ойноп, мектеп тууралуу видеону көрүү керек. Ушундан кийин гана "бассейнге" катышуу үчүн документтерди тапшыруу зарыл.
– Буга чейин мектепте окутуу peer-to-peer (тең-теңине), тактап айтканда, бири-биринен өз алдынча үйрөнүү модели боюнча жүргүзүлөрү айтылган. Бул модель Кыргызстан үчүн канчалык натыйжалуу?
– "Тең-теңине" методикасынын маңызы – окуу процессинде насаатчылар (мугалимдер) болбойт жана баа коюлбайт. Катышуучулар билим жана тажрыйба алмашып, жеке жана топтук долбоорлорду чечишет. Окуу процессинде аларга тапшырмалар жана аткаруу мөөнөттөрү берилет. Алар маселени бардык жеткиликтүү жолдор менен чечишет: ачык булактардан маалымат издешет, башкаларга билим берүү үчүн лекцияларды уюштурушат, бири-биринен жардам сурашат жана алган билимди бекемдөө үчүн башкалардын иштерин сөзсүз түрдө текшеришет. Пикирлештер менен активдүү баарлашуу жана ролдордун тынымсыз алмашуусу (катышуучу бирде окуучу, бирде мугалим болот) билим алууга болгон мотивацияны жогору кармап турат. Окутуу натыйжалуу болушу үчүн мектептин командасы катышуучуларга тез адаптацияланууга жана жумуш күнүн туура пландаштырууга жардам берет.

– Мугалим болбосо билимдин сапаты кандай көзөмөлдөнөт? Студенттердин жетишкендиктерин ким жана кантип баалайт?
– Мекемедеги билим берүү процесси ийкемдүү форматтарга, өз ара үйрөнүүгө жана прогресстин ачык статистикасына негизделет. Тандоо этабы – "бассейн" – заманбап жумушчу станциялары, эс алуу зоналары менен жабдылган жана 24/7/365 режиминде ачык болгон кампуста өтөт. Бул "Мектеп 21де" каалаган убакта окууга, аны жумуш, окуу же үй-бүлө менен айкалыштырууга мүмкүндүк берет. Тандалган багыт боюнча негизги окутуу аралаш форматта жүрөт. Бул айрым тапшырмаларды аралыктан аткарууга болорун, бирок экзамен тапшыруу жана топтук долбоорлор үчүн кампуска келүү зарылдыгын билдирет. Сапатты көзөмөлдөө санариптик инструменттер жана адамдык коштоо аркылуу ишке ашат. Катышуучулар менен комьюнити-менеджерлер иштейт — алардын милдети багыт берүү жана колдоо. Ал эми баалоону билим берүү платформасы өзүнө алат: бардык тапшырмалар, тесттер жана текшерүүлөр автоматтык түрдө статистикага чогултулат. Бул ар бир катышуучунун өсүшүн реалдуу убакыт режиминде байкап турууга шарт түзөт.
– Региондор же социалдык жактан аялуу топтор үчүн квоталар каралганбы?
– Тандоого 18 жаштан ашкан бардык каалоочулар катыша алат, окутуу акысыз. Кошумча квоталар же кандайдыр бир чектөөлөр каралган эмес.

– Компаниялар менен такшалма же практикалык долбоорлор болобу?
– Такшалма – бул милдеттүү этап. Ал негизги окууга кабыл алынгандан кийин бардык катышуучулар үчүн жеткиликтүү болот. Эгер катышуучулар санариптик технологиялар тармагына такыр тажрыйбасы жок келген болсо, стажировкадан бир аз кечирээк өтө алышат. "Мектеп 21" бул процессте жардам берет: команда карьералык консультацияларды өткөрөт, резюмелерди баалайт, маектешүүгө даярдайт жана өнөктөштөрдүн бош орундарын сунуштайт. Ал эми катышуучулар такшалма үчүн компанияны өздөрү тандап, шарттарын макулдашышат. Мектеп дайыма иш берүүчүлөр менен катышуучулардын жолугушууларын уюштуруп турат. Көпчүлүк катышуучулар дал ушул такшалма этабында жумушка орношуу сунушун алышат.