Бишкек, 05.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрь ардактуу кесип ээлеринин, адамдын тагдырына жана келечегине түздөн-түз таасир эткен агартуучулардын кесиптик майрамы. Мугалим билимдин жарыгын тартуулаган, адам болууну үйрөткөн, коомду алдыга жетелеген улуу кесиптин ээси. Бул кесиптин ээлеринин эмгеги чындыгында баа жеткис. Адамзаттын ар бир жетишкендигинин артында мугалимдин мээнети, түйшүгү, сабыры жана ак ниет эмгеги жатат. Бүгүн “Кабар” маалымат агенттиги дал ошол кесипке өз өмүрүн арнаган Токтогул районунун Каратектир айылындагы Манас орто мектебинде 34 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан математика мугалими Гүлнара Медетбекова менен анын турмуш жолу, кесиптеги ийгиликтери жана тажрыйбасы тууралуу маек курду.

- Саламатсызбы! Кесиптик майрамыңыз менен! Алгач өзүңүз тууралуу азын-оолак кеп кылсаңыз. Балдарга билим берип, мугалим болуу кыялыңыз беле?
- Мен Токтогул районунун Каратектир айылынын Манас орто мектебинде математика мугалими болуп 34 жылдан бери эмгектенип келем. Ушул эле мектепте 18 жыл бою окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын да аркаладым. Пенсия курагына жеткенде ордумду жаштарга бошотуп берип, азыркы күндө мугалимдик ишимди улантуудамын. Ушул жылдар аралыгында бир топ ийгиликтерге жетиштим. Агартуу министрлигинин “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси жана “Жылдын мыкты мугалими” наамдары менен сыйлангам.

- Кичинекей кезимде дарыгер болууну кыялданчумун. Ошондуктан биология, химия сабактарын кызыгуу менен окуп, бир нече олимпиадаларга катышкам. Бирок, математика сабагынан берген мугалимим "Сенин математикалык жөндөмүң күчтүү, математикада ийгиликке жетишиң мүмкүн” деп көп айтчу. Ошол кезде анча маани бербегем, себеби дарыгер болууну өзүмө максат койгом. Бирок, химия сабагын канчалык аракет кылсам да жакшы өздөштүрө албадым. Олимпиадага катышканда да анчалык ийгиликке жете алган жокмун. Бир жолу математика боюнча атайын даярданбастан олимпиадага катышып, Токтогул району боюнча биринчи орунду ээлегем. Ошондо гана математиканы терең түшүнөрүмдү, бул жаатта жөндөмүм бар экенин аңдап, ошол күндөн тарта математик мугалими болууну чечкем. Өзүмдүн эле айылыма турмушка чыгып, учурда бир уул, эки кыздын энесимин. Балдарым өз турмуш жолун куруп, неберелүү да болдум. Үй-бүлөм мени ар тараптан колдоп келет. Дал ошол колдоонун аркасында мен өз кесибимде ийгиликтерге жетишип, окуучуларыма сапаттуу билим, татыктуу тарбия берип келе жатам.
- Жылдан жылга сабак өтүүдө жаңы методдор колдонулууда. Сиз да окуучуларды сабакка кызыктыруу максатында кандай ыкмаларды эске алууга аракеттенесиз?
- Азыркы балдардын көз карашы күндөн-күнгө өзгөрүүдө. Ошондуктан мугалим да замандын талабына ылайык тынымсыз изденип, сабак өтүүнүн жаңы ыкмаларын колдонууга тийиш. Биз азыр көбүнчө топ менен, жупта иштөө жана көргөзмөлүү сабактарга басым жасап келебиз. Быйыл Агартуу министрлигинин “Алтын казык” программасынын алкагында ноутбуктар менен камсыз болдук. Ноутбуктун, интерактивдүү досканын жана телевизордун жардамы менен сабактарды көргөзмөлүү, жандуу жана балдардын кызыгуусун арттыра тургандай өтүп жатабыз. Мен математика мугалими болгонум менен адабиятка да кызыгам. Бул өзүмдүн сабактарыма чыгармачылык менен мамиле кылууга түрткү берет. Мисалы, кыргыздын нарк-насилин математика менен айкалыштырып өтүү мен үчүн абдан маанилүү. Өткөн жылы ушул темада райондук деңгээлде семинар өткөрүп, анда өзүм жазган жомоктордун жана ырларымдын бет ачарын да жасадык. Балдар үчүн “Айбанаттар таймашы” жана “Фигуралардын чатагы” аттуу математикага байланышкан жомокторду жаздым. Мындан тышкары, жыл сайын математика менен айкалышкан кыз-жигит сармерденин да өткөрүп келем. Сармердендин сценарийин өзүм ойлоп таап жазам жана ар жылы анын уландысын, сериал сыяктуу жаңы сюжет менен жандандырам. Жакында эле 11-класстар арасында “Чыңгыз жана математика” деген темада сармерден өткөрдүм. Бул ыкма аркылуу окуучулар сабакты жакшы өздөштүрүп, окуганын унутпайт. Кийин ошол жаңылмач же макал-лакап түрүндө айтылган формуланы сурасаң, унутпайт. Дароо айтып бере алат. Математика кээде “супсак илим” деп айтылып келет. Бирок, мен сабактарымда колдонгон ушундай чыгармачыл, айкалышкан ыкмалар аркылуу бул предметке болгон балдардын кызыгуусу кыйла жогорулайт деп ишенем. Бул ыкманы башка кесиптештериме да сунуштагым келет. Алар үчүн атайын китеп жазып, китепти бүткүл өлкөгө тараткым келет.
- Окуучуларыңыздын арасында алган билиминин аркасы менен эл аралык мелдештерде, ЖРТда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендер барбы?
- Менин окуучуларым жыл сайын жогорку республикалык тестирлөөдөн жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келишет. Алтын сертификат алууга да аракеттерди үзгүлтүксүз жасап жатабыз. Буйруса, алдыда дагы жакшы жыйынтыктарга жетебиз деген үмүттөбүз. Олимпиадалар боюнча айтсам, окуучуларым облустук деңгээлде дайыма алдыңкы орундарды ээлешет. Бирок азырынча республикалык деңгээлге чыга элекпиз. Албетте, бул багытта да аракетибизди улантып, дагы да жакшы натыйжаларга жетүүгө умтулабыз.
- Мамлекет тарабынан мугалимдерин айлык акысын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Маянаңыз сезилерлик көбөйдүбү?
- Ооба, чындыгында, акыркы жылдары мамлекет тарабынан мугалимдерге болгон көңүл бир топ жакшырып жатат. Кезинде айлык маяна албай, анын ордуна эски форма, ичилбей калган суусундуктар же желбей калган азыктар менен күн өткөргөн учурлар болгон. Ошол кыйын күндөргө да каниет кылып жашаганбыз. Азыр болсо 40 миң сом айлыкты жакшы маяна деп эсептейбиз. Балким, башка кесип ээлери үчүн бул сумма көп болбошу мүмкүн, бирок биз бул акчага каниет, шүгүр кылабыз. Учурда мугалимдер үчүн түзүлгөн шарттар мурункуга салыштырмалуу кыйла жакшырып, кесиптик ишмердикти ар тараптан колдоо бир топ жакшырды деп айта алам.

- Билимди жогорулатуу боюнча атайын курстар, окутуулар болуп турабы? Анткени заман талабына жараша окуу куралдары, технологиялар өзгөрүп жатат.
- Албетте. Жеке өзүм изденүүнүн үстүндө болгонду жакшы көрөм. Жыл сайын билимимди өркүндөтүүгө аракет кылам. Былтыр квалификациямды жогорулатуу максатында бир жыл бою компьютердик сабаттуулук жана математика боюнча кошумча билим алдым. Ошондой эле жайында 12 жылдык билим берүү системасы боюнча да окуп, жаңы билимге ээ болдум.

- Мугалимдик кесипти тандап, ушул жолдо эмгектенип келе жатканыңызга өкүнгөн учурлар болду беле? Эмне сизди бул кесипте кармап турат?
- Жогоруда белгилеп өткөндөй, мугалимдик кесипти аркалап келе жатканыма 34 жыл болду. Мени бул кесипте биринчи кезекте окуучуларым кармап турат. Балдар менен иштегенди абдан жакшы көрөм. Өз кесибимди жан дилим менен сүйөм жана дал ошол сүйүү мени бул тармакта кармап турат десем жаңылышпайм. Акчаны ойлогон деле жокмун. Өзүм сүйгөн кесип менен иштеп жатканыма ыраазымын. Үй-бүлөмдүн жанында, өз айылымда иштегеним да мен үчүн чоң бакыт. Эч качан мугалим болуп калганыма өкүнгөн эмесмин.

- Сиз үчүн чыныгы ийгилик деген эмне? Окуучунун жетишкендиги, ата-эне менен байланыш же коомдун баалоосу?
- Менин окуучуларымдын баары “мен жооп берем” деп кол көтөрүп калмайынча, мен изденем” деген мазмунда жакшы бир ыр жазганмын. Ошол сыңары, эгер окуучум мага “эжеке, мен түшүндүм” деп жандуу көздөрү менен карап турса, мен үчүн мына ошол эң чоң ийгилик. Дал ушундай учурлардан мен шыктанып, ырахат алам.

- Келечекте билим берүү тармагында кандай өзгөрүүлөр болсо жакшы болмок деп ойлойсуз? Мугалим катары кандай сунушуңуз бар?
- Азыр бир класста окуп жаткан окуучулардын саны абдан көп болуп жатканы мени кыжаалат кылат. Мисалы, бир класста 36 окуучу болуп, сабак 45 мүнөт гана берилет. Мындай шартта ар бирине өзүнчө көңүл бурууга убакыт жетишпей калат. Ошондуктан мектептер көбүрөк курулуп, класстардагы окуучулардын санын азайтсак деген каалоом бар. Ошондой эле ата-энелердин жоопкерчилиги да жогору болушу керек деп эсептейм. Азыр тилекке каршы, көп ата-энелер өз баласына жетиштүү деңгээлде көңүл бурбай, баарын мектепке жүктөп коюшат. Эгер окуучулардын саны кыскарса, ата-эненин жоопкерчилиги артса, анда билим берүү сапаты да кыйла жакшырат эле.

- Эми кесиптештериңизди майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектериңизди айта кетсеңиз.
- Кымбаттуу түймөн-түйшүктүү, нары асыл кесип ээлери бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге Аллахым бекем ден-соолук менен бирге окуучулардын жаадыраган жүзүн каалайм. Эмгегиңиздер баа жеткис. Бар болуңуздар, ар дайым сый-урматта жүрүңүздөр!