Бүгүн, 1-июль — куткаруучулардын кесиптик майрамы. Бул күнү эл коопсуздугу үчүн жан үрөп иштеген куткаруучулардын түйшүктүү, ошол эле маалда абдан баалуу эмгеги өзгөчө белгиленет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын инструктор-куткаруучусу, прапорщик Теңизбек Масылбеков бул кызматта үзүрлүү эмгектенип келет. "Бул кесип абдан оор болгону менен, элдин алкышы, ыраазычылыгы – биздин башкы сыйлыгыбыз", — дейт ал.
- Канча жылдан бери куткаруу кызматында иштеп келе жатасыз? Бул кесипти кантип тандап калгансыз?
- 2010-жылдан бери куткаруу кызматында эмгектенип келе жатам. Инструктор-куткаруучумун. Бишкек шаарынын коопсуздугун кароо жана жарандарга ыкчам жардам көрсөтүү – биздин башкы милдетибиз.
Бул иш тууралуу мен алгач тааныштарыман уккам. Алардын аткарган жумуштарын көрүп, байкап менде да кызыгуу жаралып иштеп калгам.
- Сиздерде иш тартиби кандай? Өзгөчө кырдаалдарга даярдык кандай жүргүзүлөт?
- Биз негизи нөөмөткө үч күндө бир жолу чыгабыз. Эртең мененки саат сегизде келип бизге чейинки топтон нөөмөттү, анын ичинде шайман жана техникаларды өткөрүп алабыз. Алар эс алганга кетишет. Ошентип иш күнүбүз башталып, алгач медициналык кароодон өтөбүз. Андан соң алдыда бизди даярдыктар, машыгуу, окуу, сурамжылоо иштери күтүп турган болот. Ал эми эгер бул учурда чакыруу түшүп калса дароо ошол жака жөнөп кетебиз. Түштөн кийин практикалык иштерди жасайбыз. Алардын катарына – кесиптик, спорттук жана дене тарбиялык машыгуулар кирет. Ошентип, кечки ондон баштап кийинки нөөмөткө кезекти өткөрүп бергенге чейин чакырууларды күтүп, стартта турабыз. Арада эс алууга да мүмкүнчүлүк болот.
- Бир күндө болжол менен канча чакыруу түшөт?
- Эң аз дегенде 1-2 жолу жана эң көп дегенде 5-6 чакыруу болот. Бир күн экинчи күнгө окшобойт.
- Кызматкерлер кандай бөлүштүрүлөт? Бир топто канча адам иштейт?
- Бир топто командир, инструктор, айдоочу, фельдшер, куткаруучулар жана суучулдар болуп жалпысынан 7-8 адам иштейт. Башкача айтканда бир топ сутка бою нөөмөттө болот. Эгер өзгөчө кырдаал жаралып, жетишпей бара жатсак резервдеги топ чакырылат. Ал эми андан да масштабдуу өзгөчө кырдаалдар жаралса баарыбыз чыгабыз.
- Көбүнчө кандай чакыруулар түшөт?
- Жаш балдар же жашы улгайып калган адамдар ачкычын жоготуп же дагы бир себептер менен үйдүн эшигин ача албай калган учурлар көп катталат. Ошондой эле, чакыруулар мезгилге да жараша болот. Мисалы, жайкысын сууга чөккөндөрдү, агып кеткендерди куткарууга, издөөгө көп барабыз. Ал эми кышкысын жол кырсыктары көп катталгандыктан, адамдар кыпчылып калган, оор нерсе басып калган учурлар арбын болот. Жазында жаратылышка, тоого барып эс алгандар көп болгондуктан, ал жактан да ар кандай себептер менен жарандарды куткарууга туура келет.
- Эсиңизден кетпеген эң оор куткаруу иши кайсы болду эле?
- Негизи мындай окуялар көп эле катталат. Арасынан мен үчүн эң оор болгон бир учурду айтып берейин. Жаңы конуштардын бирине чакыруу болуп калды. Ата-энеси алаксып кетип 3-4 жашар бала суу чогулган септикке түшүп кеткен экен. Баланы суудан таппай атып араң дегенде алып чыктык. Ошол жерден бизге чарчап калган баланы ата-энесине тапшыруу абдан оор болду. Негизи эле кичинекей балдарга байланышкан окуялар жүрөктү оорутат эмеспи. Атасынын баласын кучактап боздоп ыйлаганы баарыбыздын зээнибизди кейитип, ошол жерге чогулган эл, биздин кызматкерлер болуп баарыбыз ыйлаганбыз.
- Жумушуңузга сизди эмнелер шыктандырат? Эмнелер мотивация берет?
- Шыктанууну мен бизге чейин бул жерде иштеп, эл кызматында болуп, көп ийгиликтерди багындырууга жетишкен кесиптеш агалардан алам. Алардын жеткен сыйлыгы, сыймыгы бизге шык берет.
- Мындай ары татаал, ары кооптуу жумушуңузга жакындарыңыз кандай карайт?
- Мен алгач бул жумушка суучул болуп киргем. Негизи биздин иште суучулардын жумушу абдан оор болуп саналат. Чөгүп кеткендерди суунун түбүнөн издеген, башка дагы техникалык жумуштары өтө татаал келет. Ошол мезгилдерде жакындарым мен үчүн кабатыр болуп, коркуп жүрүштү. Бирок, келе калып эле суунун түбүнө кирүү деген нерсе жок да. Анын өзүнүн тартиби бар. Алгач окутуулар жүргүзүлөт. Машыгуу, тажрыйба алуу процесстери бар. Сертификат алгандан кийин гана акырындык менен ишке өтөсүң.
Жалпысынан алганда жакындарым өтө деле каршы болушкан жок. Азыр тескерисинче сыймыктанышат.
- Бул кесип сизге эмне берди жана андан эмне таптыңыз?
- Кооптуу сезилгени менен биздин кызмат эң гумандуу жумуштардын катарына кирет. Элдин алкышын, ыраазычылыгын, батасын аласың. Оор болгону менен ошончолук сыймыгы да бар. Бизге үмүт менен караган адамдардын - үмүтүн актаганга аракет кыласың.