Москвада Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чарада кыргыз баатырлары эскерилди

Коом 25 апрель 2025 09:00
IMG_0673.jpeg
IMG-20250422-WA0018.jpg
f29ad8c4-63d7-4570-a619-cbc0930ef335.jpg
e4e0e1f5-97fe-4f06-943e-dce3392e04b0.jpg
b20389f9-69dc-479f-bb28-ec61fd0b6d01.jpg
b613fe06-13dd-4146-954b-51e4e691dd67.jpg
98013f03-0035-4651-90b2-50b6d5744b8b.jpg
44597b32-4c20-48c0-b432-9d978093f758.jpg
8310d6ff-3904-4de9-8176-276779e2d2b4.jpg
573d1e6b-fe31-42c0-8d39-50c9d8a99d5d.jpg
Алдыга
Артка
IMG_0673.jpeg
IMG-20250422-WA0018.jpg
f29ad8c4-63d7-4570-a619-cbc0930ef335.jpg
e4e0e1f5-97fe-4f06-943e-dce3392e04b0.jpg
b20389f9-69dc-479f-bb28-ec61fd0b6d01.jpg
b613fe06-13dd-4146-954b-51e4e691dd67.jpg
98013f03-0035-4651-90b2-50b6d5744b8b.jpg
44597b32-4c20-48c0-b432-9d978093f758.jpg
8310d6ff-3904-4de9-8176-276779e2d2b4.jpg
573d1e6b-fe31-42c0-8d39-50c9d8a99d5d.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.04.25./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин демилгеси менен Москва шаарындагы мектептердин биринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чаранын алкагында кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн “Легендарлуу генерал жана кыргызстандык панфиловчу баатырларды эскерүү” аттуу китептин бет ачары өткөрүлдү. Китепти чыгарууну демилгелеген топтун өкүлү Замир Асаналиев, мектеп директору Белла Руденко, панфиловчу ардагерлердин өкүлү З.П. Грязнова, генерал И.В. Панфиловдун небереси жана чөбөрөсү Е.Г. Козырькова менен М.А. Козлова, мугалимдер, окуучулар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Элчиликтин өкүлү өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымын баса белгилеп, элдин эрдигин унутпоо зарылдыгын эске салды.

Катышуучулар генерал-майор И.В. Панфилов жетектеген, Москва үчүн болгон салгылашта өзгөчө эрдик көрсөткөн 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгын белгилешти. Ошондой эле генерал Панфиловдун кызы М.И. Панфилова тарабынан негизделген, мектептин базасында жайгашкан аскердик-тарыхый музей менен таанышып, окуучулар тарабынан даярдалган поэтикалык композицияны көрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын маданиятын да таанытуу максатында улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, табияты жана белгилүү инсандары тууралуу фотокөргөзмө уюштурулду.