Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Москвaдa күйүүчү майдын баасы акыркы убактарда ыкчам түрдө өсүп, айрыкча дизель майы тездик менен кымбаттап жатат. Бул тууралуу Москва күйүүчү май ассоциациясына таянып, Интерфакс жазды.
27-октябрдагы маалыматка ылайык, Москвадагы май куюучу жайларда дизелдин орточо баасы 73 рублга жеткен. Бул өткөн аптага салыштырмалуу 45 тыйынга көп. Ал эми октябрь айынын башынан бери дизелдин баасы 1 рубль 55 тыйынга жогорулаган.
Андан сырткары, акырындык менен бензиндин баасы да өсүүдө. Бир жума ичинде Аи-92 маркасындагы бензин 26 тыйынга кымбаттап, 61,17 рубль болду. Аи-95 бензини 28 тыйынга өсүп, 67,44 рублга жетти. Жалпысынан алганда ай башынан бери бензиндин баасы Москвада орточо эсеп менен 1 рублга кымбаттады.
Күйүүчү майдын чекене баасынын өсүшү — дүң баалардын да жогорулашынан улам болуп жатканы белгиленет. Акыркы жумаларда Петербург биржасында бензин менен дизелдин баалары рекорддук деңгээлге жетти.