Москва менен Киев туткундарды алмашты

Дүйнө Загрузка... 20 Март 2025 09:07
f2a86650-c76f-476d-bdba-4a77bd8b7939.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Москва менен Киев туткундарды алмашты.

ТАСС маалымдагандай, эки өлкө 175тен аскер туткундарын алмашты. Россиянын Коргоо министрлиги барымтадан кайтып келе жаткан аскер кызматкерлери көрсөтүлгөн видео жарыялады.

Россия Украинага 175 туткундан тышкары, медициналык жардамга муктаж болгон оор жаракат алган 22 украиналык аскер кызматкерин өткөрүп берди.

Туткундарды алмашуу иштеринин жүргүзүлөрү Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылган.