Кыргызстанда цементти социалдык маанидеги товарлардын тизмесине киргизүү сунушталды

Экономика Загрузка... 13 Май 2025 10:13
377215.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.05.25./Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигине цементти социалдык маанидеги товарлардын тизмесине киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Муратбек Иманкулов билдирди.

“Биз өлкөдөгү цементтин абалын турукташтыруу үчүн цементти керектүү продукциянын тизмесине киргизүү демилгесин көтөрдүк”,- деди ал.

Эске сала кетсек, ушул айда Кыргызстанда цементтин тартыштыгы жаралып, анын кесепетинен баа кескин көтөрүлгөн. Бир мүшөк цемент 500-550 сомдон сатылды. Ага ылайык, министрлер кабинети өлкөгө цементти ташып келүүгө убактылуу чектөөнү алып салуу боюнча буйрук кабыл алды.