Монголияда кызамык менен ооругандардын саны 4 миңден ашты

Дүйнө Загрузка... 30 Май 2025 17:40
WhatsApp Image 2025-05-30 at 17.25.34.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Акыркы суткада Монголияда кызамык оорусунун 335 жаңы учуру катталып, өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны 4 миң 274кө жетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги өлкөнүн Жугуштуу оорулар боюнча улуттук изилдөө борборуна таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде анын ичинен 2 миң 793ү айыгып чыкты.

“Бүгүнкү күндө ооруп жаткан адамдар менен байланышта болгон 44 миң 774 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Инфекция негизинен мектептерде жугат, кээде бир класста кызамык менен ооруган эки адам болот. Оору жуккандардын 40%га жакыны 10-14 жаштагы балдар. Төрт жашка чейинки курактагылар оорулуулардын 22% түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Кызамык оорусунун алгачкы беш учуру Монголияга 2025-жылдын февраль айынын аягында чет элдик каттамдар менен келген.

Биринчи өлүм 13-майда болгон. Өлкөдө балдардын арасында оору акыркы жолу 2019-жылдын март айында катталган, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Монголияны 2016-жылы кызамыкты жок кылган өлкө катары тааныган.

Маалымат үчүн: Кызамык - бул вирус козгогон курч, өтө жугуштуу жугуштуу оору. Оорунун белгилери: дене табынын көтөрүлүшү, кургак жөтөл, мурундун агышы, тамактын оорушу жана көздүн былжыр челинин сезгениши. Кызамыкты эмдөө аркылуу гана алдын алууга болот.