Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Монголияда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан өлкөнүн демилгеси менен негизделген Дүйнөлүк ат күнү алгачкы жолу расмий түрдө белгиленди. Бул тууралуу Казинформ маалымдады.
Салтанаттуу иш-чара 13-июлда Хүй Долоон Худаг аймагында өтүп, ага Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх катышты.
Өлкө башчысы өз сөзүндө монгол жылкысы адамзат тарыхында, көчмөн цивилизациясынын өнүгүшүндө жана Чыгыш менен Батыштын байланышын чыңдоодо өзгөчө роль ойногонун белгиледи. Анын айтымында, жылкы Монголиянын улуттук мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Президент белгилегендей, учурда дүйнөдө 60 миллиондон ашык жылкы бар болсо, анын 5 миллиондон көбү Монголияда багылат. Бул көрсөткүч боюнча өлкө дүйнөдө төртүнчү орунда, ал эми калктын санына салыштырмалуу жылкынын саны боюнча биринчи орунду ээлейт.
Ухнаагийн Хүрэлсүх 2025-жылы жылкыны сактоо, изилдөө жана жайылтуу максатында Дүйнөлүк жылкы күнүн негиздөө демилгесин көтөргөн. Кийин бул сунушту БУУнун Башкы Ассамблеясы колдоп, майрам эми жыл сайын Монголиянын улуттук Наадам майрамынын алкагында белгилене турган болду.
Дүйнөлүк жылкы күнүнүн алгачкы майрамында эл аралык ат чабыш уюштурулуп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген атчандардын салтанаттуу жүрүшү өттү.