Монголия элчисинин дипмиссиясы аяктады. Элчини Касымалиев кабыл алды

Министрлер кабинети 22 Апрель 2026 13:00
69e86d0387d3e (1).jpg
69e86d0448673.jpg
69e86d048dfae.jpg
69e86d0386697.jpg
Алдыга
Артка
69e86d0387d3e (1).jpg
69e86d0448673.jpg
69e86d048dfae.jpg
69e86d0386697.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуягды анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы жылдары эки өлкөнүн достук жана кызматташтык мамилелеринин активдүү өнүгүшү белгиленди. Кыргызстан менен Монголиянын мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарлары башкы окуялар болуп калды.

Монголиянын премьер-министринин Кыргызстанга расмий сапары болуп өттү, өкмөттүк деңгээлде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бир катар жыйындары өткөрүлдү.

Тараптар бир катар тармактардагы долбоорлорду илгерилетүү боюнча иштеп жатышат, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык өнүгүүдө.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, Монголиянын делегациясы аларга салттуу түрдө активдүү катышып, оюндарга эки элдин тарыхый биримдигинин жана маданий байлыгынын өзгөчө атмосферасын тартуулайт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Монголиянын элчиси Содном Ганхуяг монгол тараптын эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана ырааттуу өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин ырастады.