Молдовада парламенттик шайлоодо добуштарды саноо аяктады

Дүйнө Загрузка... 30 Сентябрь 2025 09:00
cc013419-887e-4b81-a857-aa90bb0adaf0.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Молдовада парламенттик шайлоодо добуштарды саноо аяктады. Бул тууралуу Молдованын Шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланган маалыматка таянып, Интерфакс билдирди.

Анда белгиленгендей, добуш берүүнүн протоколдору толугу менен иштелип чыккандан кийин парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыкты.

Ага ылайык, шайлоодо бийликтеги "Аракет жана тилектештик" партиясы жеңишке жетип, 50,2% добушка ээ болду.

"Социалисттердин, коммунисттердин жана Молдованын келечегинин патриоттук блогу" - 24,18 добуш, "Альтернатива" - 7,67%, "Биздин партия" - 6,2%, "Үйдөгү демократия" партиясы 5,62% добуш алды.

Парламенттеги мандаттар эми төмөнкүчө бөлүштүрүлөт: "Аракет жана тилектештик" партиясы парламенттеги 101 мандаттын 55ин, "Мекенчилдер блогу" 26 мандатка, "Альтернатива" блогуна 8 мандат, "Биздин партия" менен "Үйдөгү демократия" партиялары ар бири алтыдан мандатка ээ болот.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоого жалпысынан 1 млн 608 миң 518 шайлоочу катышты, бул добуш берүү тизмесине киргизилген шайлоочулардын 52,21%ын түзөт.