Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык деңгээлде кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана өзгөчөлүгүн даңазалоого өбөлгө түзүүдө. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөн маалымат жыйынында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү дүйнө коомчулугунун көңүлүн Кыргызстанга бурду.
«Дүйнөлүк коомчулуктун күн тартибинде Кыргызстан турат деп айтсак болот. Биз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары элибиздин маданиятын, каада-салтын жана улуттук өзгөчөлүгүн даңазалаган чыныгы кубаттуу бренд экенин сыймыктануу менен айта алабыз», — деди ал.
Молдокматова чет элдик коноктор Кырчын жайлоосундагы маданий программанын уюштурулушуна жогору баа беришкенин белгиледи.
«Конокторубуз Кырчын жайлоосуна суктанышты. Голливуд актерлору Кырчындагыдай аянтчаны Голливудда бир жылда курушарын, ал эми бул жерде эки айда курулганын айтышты. Албетте, алар аябай таң калышты», — деп белгиледи ал.
Молдокматованын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына түрдүү өлкөлөрдүн жана улуттардын катышуусу элдер ортосундагы достукту чыңдоонун айкын үлгүсү болуп саналат.
Ошондой эле ал келечекте ири кыргыз-голливуд долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын кабарлады.
«Алдыда бизди абдан кубаттуу кыргыз-голливуд долбоору күтүп турат, ал тууралуу долбоорду ишке ашыруу учурунда кененирээк айтып беребиз», — деп кошумчалады Молдокматова.