Мөөнөтсүз салыктын аркасында IT адистер дүйнөлүк ири компаниялар менен кызматташууда - Темиров

Коом Загрузка... 10 Апрель 2025 17:51
WhatsApp Image 2025-04-10 at 17.25.08.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө мөөнөтсүз салыктын аркасында IT адистерибиздин дүйнөлүк ири компаниялар менен кызматташуусуна жол ачылууда. Бул тууралуу "Технопарк" IT-хабынын ачылыш аземинде Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Урмат Темиров билдирди.

Анын айтымында, учурда Жогорку технологиялар паркы өлкө башчысы түзүп берген шарттардын аркасында дүйнөдөгү эң алдыңкы компаниялар менен жигердүү иш алып барууда.

"Өзүңүздөр билгендей, айрым өлкөлөрдө жаңы компания ачылгандан кийин мамлекет салыкты көбөйтө баштайт. Бул компаниянын өнүгүүсү үчүн бир топ эле кыйынчылыктарды жаратат. Айрым учурда компаниянын жабылышына дагы алып келет. Бул жаатта бизди мамлекет абдан жакшы колдоп жатат. Биз мөөнөтсүз салыктын кириши менен көптөгөн жакшы иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Муну менен катар биз стартап тармагында да жакшы натыйжаларды көрсөтө баштадык",-деди ал.