ММК фонду былтыр жеңилдетилген дары-дармектер үчүн 409,7 млн сом бөлдү

Ден соолук 12 февраль 2026 14:10
ММК фонду былтыр жеңилдетилген дары-дармектер үчүн 409,7 млн сом бөлдү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2025-жылы жеңилдетилген рецепттер менен берилген дары-дармектер үчүн 409,7 млн сомду кайтарып берди.

Фонддон белгилешкендей, бул төлөмдөр камсыздандырылган миңдеген кыргызстандыктарга дары-дармектердин баасынын бир бөлүгүн гана төлөө менен зарыл болгон дарыланууга мүмкүнчүлүк түздү.

"Жеңилдетилген дары-дармектер үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан медициналык көрсөтмөлөргө ылайык гана жазылат. Рецепттер 800дөн ашык дары-дармектерди камтыган маалымдамага ылайык, электрондук түрдө берилет. Программа камсыздандырылган жана каттоодо турган жарандар үчүн гана иштейт. Дарыларды ММК фонду менен кызматташкан дарыканалардан гана алууга болот", - деп баса белгилешти мекемеден.

Маалыматка ылайык, дары-дармектердин баасы жарым-жартылай төлөнөт: сумманын бир бөлүгүн бейтап өзү төлөйт, ал эми ММК фонду дарынын баасынын 50 пайызга чейинки бөлүгүн арзандатуу түрүндө компенсациялайт.