МКУнун кызматкерлери исламдык камсыздандыруу багытын өздөштүрүүдө

Коом 6 октябрь 2026 15:55
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.56.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.56.03.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.56.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 15.56.03.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon МКУ

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) кызматкерлери исламдык камсыздандыруу — "Такафул" боюнча атайын окуу курсунан өтүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, окутуунун негизги максаты исламдык камсыздандыруунун принциптери, эл аралык талаптары жана практикалык механизмдери тууралуу билимди тереңдетүү, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү болуп саналат.

Программанын жүрүшүндө катышуучулар исламдык финансылык системалардын өзгөчөлүктөрү, Шариаттык стандарттар, Вакала, Мудараба жана гибриддик моделдер, ошондой эле ретакафул (исламдык кайра камсыздандыруу) маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Түркия, Малайзия, Бахрейн жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, такафул — катышуучулардын өз ара жардамдашуу жана жоопкерчилик принциптерине таянган исламдык камсыздандыруу системасы.