Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. "Миррахимов окуулары" аттуу илимий-практикалык конференция барган сайын кеңири кулач жайып, медициналык коомчулуктун өнүгүшүндө маанилүү ролду ойноодо. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун улуттук кызматкери Алина Алтымышева билдирди.
Ал ДССУ конференцияга чакырылган тарап катары катышып жатканын жана медицина илими тездик менен өнүгүп жаткан шартта мындай жолугушуулардын мааниси зор экенин белгиледи.
"Ыкчам прогресстин жана жаңы технологиялардын доорунда илимпоздордун бир жерге чогулуп, убакыт менен бирге кадам таштоо үчүн негизги тенденцияларды талкуулоосу өзгөчө маанилүү", – деп белгиледи ал.
Алтымышева иш-чаранын алкагында жаңы долбоорлор түзүлүп, кесиптик байланыштар чыңдалып жатканын айтты.
"Бүгүнкү күндө ШКУнун алкагында ар кайсы өлкөлөрдүн кардиологдору биригип жатышат. Мындай кызматташтык бардык катышуучуларды байытат, анткени бул жерде алдыңкы тажрыйбалар жана изилдөөнүн заманбап ыкмалары менен алмашуу жүрөт. Мунун баары илим менен практиканы айкалыштыруу үчүн бекем негиз түзөт", – дейт.
Ошондой эле ал конференция жаш адистер үчүн үйрөнүүгө, ал эми тажрыйбалуу адистер үчүн мастер-класстар аркылуу өз билими менен бөлүшүүгө сонун мүмкүнчүлүк берерин белгилейт.
"Миррахимов окуулары" - бул жыл бою күтүлгөн жана бардык актуалдуу маселелерди биргелешип талкуулай турган жолугушуу", – деп кошумчалады Алтымышева.
Ал ДССУ мындай демилгелерди жигердүү колдой турганын баса белгиледи.
"Биздин милдет калктын саламаттыгын чыңдоо жана бейтапка багытталган саламаттык сактоонун жаңы моделин түзүү. Бул "Миррахимов окууларынын" негизги идеясына толугу менен шайкеш келет, ошондуктан бул абдан маанилүү жолугушуу", – деди Алтымышева.