Мирланбек Байгончоков эмгек министринин орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 18 Март 2026 09:48
654040923_1391130633056606_406957774054393079_n.jpg
654340795_1391130319723304_722132097265541816_n.jpg
654213194_1391130653056604_3390711623349846956_n.jpg
654110828_1391130709723265_503698327084443238_n.jpg
653979123_1391130686389934_8070210669762275882_n.jpg
653994106_1391130676389935_7619324440392935140_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Мирланбек Байгончоков эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Күн мурун президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Улан Султанбаев эмгек жамаатына жаңы орун басарды тааныштырды.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Бакыт Дарманкул уулу аркалап келген. Ал эми Мирланбек Байгончоков Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп иштеген.