Мирбек Мамбеталиев маданият министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 21 февраль 2025 19:56
Мирбек Мамбеталиев маданият министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Мамбеталиев Мирбек Кемелович маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.