Минсктеги эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү

Коом Загрузка... 01 Апрель 2025 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Беларустун Минск шаарындагы "Отдых-2025" эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Кыргызстандын Беларустагы элчилиги Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен биргеликте катышты.

Иш-чарага Өзбекстан, Таиланд, Оман, Түркия, Палестина, Зимбабве, Куба жана Россиянын 16 аймагынын өкүлдөрү катышууда.

Эл аралык көргөзмөнүн аянтчасында Кыргызстандын туристтик павильону уюштурулуп, анда стенддер, маалыматтык сүрөт-видео материалдар жана брошюралар түрүндө тиешелүү маалыматтар берилген.

Ошондой эле көргөзмөнүн башкы сахнасында өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы тууралуу презентация болду.

КР Туризм департаменти менен Беларустун Спорт жана туризм министрлигинин ортосундагы туризм тармагында кызматташуу боюнча иш-чаралар планына кол коюлушу иш-чаранын маанилүү окуясы болду.