Минскте VII Беларусь Элдик жыйынынын экинчи отуруму өтүүдө

Дүйнө Загрузка... 18 Декабрь 2025 21:50
WhatsApp Image 2025-12-18 at 18.44.44.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Минскте VII Беларусь Элдик жыйынынын экинчи отуруму өтүүдө.

БелТА агенттиги билдиргендей, 18-19-декабрда өтө турган жыйындын кезектеги сессиясынын биринчи күнүндө Беларустун президенти Александр Лукашенко беларусь элине жана парламентине кайрылуу жасады.

Эртең иш-чаранын экинчи күнүндө Беларустун 2026-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын кароо пландалууда. Бул делегаттар тарабынан бекитиле турган негизги документ болуп саналары айтылды. Программаны премьер-министр Александр Турчин тааныштырат.

Программанын долбоорунда бир нече артыкчылыктар аныкталган. Алардын негизгилери адамдын өнүгүүсүнө байланыштуу: демографиялык коопсуздук, адамдык потенциалды өнүктүрүү, жагымдуу жана сапаттуу жашоо чөйрөсүн түзүү. Андан аркы артыкчылыктарга атаандаштыкты өнүктүрүү, технологиялар жана экономиканы санариптештирүү кирет. Ошондой эле күчтүү аймактар, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана туристтик потенциалды жогорулатуу бар.